Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов ээлеген кызматынан бошотулду. Ал президенттин аппарат башчысы менен чырлашуусунан кийин кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Шыкмаматовду министрликке көрсөткөн «Ата Мекен» фракциясы азырынча жаңы талапкердин ким боло тургандыгы боюнча чечим кабыл ала элек.

Шыкмаматовду ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев тарабынан 10-февралда кол коюлду.

«Шыкмаматов Алмамбет Насыркановичтин отставкасы кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызматынан бошотулсун», — деп жазылган өлкө башчысынын басма сөз кызматынын расмий билдирүүсүндө.

Kloop.kg тарабынан сурамжыланган «Ата Мекендин» депутаттары Юстиция министрлигинин башчысы кызматына жаңы талапкер тандоо жөнүндөгү маселе азырынча карала электигин айтышты.

«Жума күнү фракция жыйыны болот. Бул маселе балким ошол жыйында көтөрүлөт», — деди «Ата Мекендин» депутаты Гүласал Садырбаева.

Анын партиялашы Ташболот Балтабаев Kloop.kgге берген маегинде партия юстиция министрлигине талапкер көрсөтүүдөн баш тартышы мүмкүндүгүн айтты — андай болгондо ал кызматка талапкерди өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев дайындап калат.

«Ата Мекен» кимдир бирөөнү издеп таап сунуштагыдай анчалык ач көз, майдачыл эмес. Кызматын жоготуудан коркпогон биздин сабаттуу, принципиалдуу адамыбызды алып салышты. […] Биз талапкер сунуштабай эле коюу чечимине келдик», — деди Балтабаев.

Бирок азырынча Балтабаевдин бул айткандарын фракциянын башка мүчөлөрү ырасташа элек.

Шыкмаматов кызмат ордун февралдын башында, президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев менен болгон чырлашуусунан кийин таштап кетүү чечимине келген. Чырдын чыгышына Шыкмамтовдун «Азия News» гезитине берген маеги себеп болгон.

Басылмага чыккан макалада Шыкмаматовго шилтеме жасоо менен мурунку башкы прокурор Аида Салянова Нарымбаевдин «саясий оюндарынан» улам отставкага кеткендиги жазылган.

Бирок Шыкмаматов маегинде андай сөздөрдү айтпагандыгын билдирип, андагы маалыматтарды четке каккан.

Салянова отставкага кеткенден кийин Нарымбаев башкы прокурорлук кызматка талапкер болуу ыктымалдыгы эң жогору болгон адамдардын бири катары эсептелинип жаткан. Бирок президент Алмазбек Атамбаев ал кызматка Индира Жолдубаеваны сунуштап, ал башкы прокурор болуп дайындалган.