Режиссёр Садык Шер-Нияздын «Курманжан Датка» тасмасы «КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы» категориясында орусиялык «Ника» киносыйлыгына көрсөтүлдү.

Тасманын режиссёру Садык Шер-Нияз «Курманжан Датка» эпопеясы «Ника» киносыйлыгынын «КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы» номинациясынын шорт-листине киргендигин билдирди.

Азырынча «Ника-2015» сыйлыгын тапшыруу аземинин кайсыл күнү болору жарыялана элек, бирок салттуу түрдө аны апрелдин алгачкы күндөрү өткөрүп келишет. Ата мекендик тарыхый тасма ат салыша турган «КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы» номинациясына беш тасма көрсөтүлгөн.

Буга чейин ири жана престиждүү эсептелген «Ника» киносыйлыгына бул номинацияда Кыргызстанда тартылган бир нече тасма катышкан. 2005-жылы номинанттардын шорт-листине Эрнест Абдыжапаровдун «Айыл өкмөтү», 2008-жылы «Боз салкын» тасмалары, 2009-жылы режиссёр Темир Бирназаровдун «Белгисиз маршрут, 2014-жылы «Кумар» тасмасы, ал эми 2011-жылы режиссёр Актан Арым Кубаттын «Свет аке» тасмасы кирген. Бирок алардын бири дагы сыйлыктын өзүнө ээ болушкан эмес.

Сыйлыктын негизги номинациясы болгон жылдын мыкты тасмасы наамына быйыл режиссёр Андрей Звягинцевдин «Левиафан», Алексей Германдын «Трудно быть богом», Андрей Кончаловскийдин  «Белые ночи почтальона Алексея Тряпицына»,  Олег Степченконун «Вий» жана Жора Крыжовниковдун «Горько-2» тасмалары көрсөтүлгөн. Дагы бир престиждүү «Золотой орёл» сыйлыгынын «Жылдын мыкты оюн тасмасы» номинациясында лауреат болгон режиссёр Никита Михалковдун «Солнечный удар» драмасы «Никанын» тизмесине кирбей калган.

Эске салсак, акыркы айларда «Курманжан Датка» тасмасын пираттык жол менен бир нече жолу интернетке жайгаштырып жиберишкен. Февралдын башында болсо тасманын кассалык жыйымы болжол менен 30 миллион сомду түзгөндүгү белгилүү болгон.

«Ника» киносыйлыгы Орусиянын кинематография искусствосу академиясы тарабынан жыл сайын ыйгарылат жана КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң престиждүү сыйлык катары эсептелет.