Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз мигранттарын иштөөгө уруксат берчү патенттерди алуу зарылдыгынан бошотуу өтүнүчү менен Орусиянын бийлигине кайрылды.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргыз мигранттарын ЕАЭБге киргенге чейин патент алуу зарылдыгынан, орус тилин билүүсү жана Орусиянын тарыхы боюнча сынактарды тапшыруудан бошотуу өтүнүчү менен Орусия бийлигине кайрылды.

«Элчилик иштөөгө уруксат алуунун мурунку эрежелерин күчүндө калтыруу өтүнүчү менен кайрылды. Ошондой эле нотада Кыргызстандын ЕАЭБге киришине чейин учурдагы эрежелерди жокко чыгаруу боюнча кайрылуу дагы бар», — деди Кыргызстандын ТИМинин Консулдук кызмат департаменти бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Үмөтов журналисттерге берген маегинде.

Ал Кыргызстандын консулдук жумушчулары подмосковьедеги Сахарово айылында жайгашкан мигранттарды тейлөө борборлорунун биринде болуп кайтышкандан кийин өлкөнүн Орусиядагы элчилиги мигранттарды тейлөө боюнча кошумча борборлорду ачуу өтүнүчү менен орус бийлигине кайрылгандыгын айтты.

«Кезек күтүүлөрдү тартипке келтирип, жарандар үчүн орундарды түзүү керек. Бир нече саат бою кезек күтүп турганда мигрант отуруп тыныгып алуу же суу ичүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Бирок биздин элчилик башка мамлекеттин бийлигине кандайдыр бир шарттардын болуусу керек деп таңуулай албайт. Бирок биз кандайдыр бир жолдор менен шарттарды жеңилдетүү өтүнүчү менен кайрылдык», — деди Бектурсунов.

Буга чейин Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги миграциялык борбордун ишмердүүлүгүнө кийлигишип, тартипке келтирүү өтүнүчү менен Орусиянын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) нота жөнөткөн болчу.

«Павильондо киши көп болуп, бири-бирин жөөлөгөндөр көп. Биздин жарандар менен сүйлөшкөндө алар кеминде 3-5 саат кезекте тургандыктарын айтышты. Мамлекеттер аралык миграциялык борбордун (ММБ) жарандар кызмат үчүн акча төлөй турган башка павильондорунда документерди тапшырышат», — деп билдирди кыргыз ТИМи.

Элчиликтин маалыматы боюнча, миграциялык борбордогу тартиптин сакталышына көзөмөл жүргүзгөн «Кельт» жеке күзөт ишканасынын кызматкерлери «чет элдик жарандарга өтө орой мамиле жасап, аларды кагып-силкишет».

«Мамлекеттер аралык миграциялык борбордун аймагы тикенек зымдар менен тосулуп, иттер менен кайтарылат. Мындай абал абакты элестетип, келген кишилерге моралдык-психологиялык басым жасайт», — деп билдирди Кыргызстандын ТИМи.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги элчиликтин кызматкерлери күбө болгон шарттар миграциялык борбордун көп сандагы эмгек мигранттарын кабыл алып, аларды тейлөөгө даяр эместигин көрсөтүп тураарын билдирди.