Түндүк атлантика альянсы Кыргызстан аркылуу Ооганстанга жүк ташууну кайрадан баштаганы жатат. Мурда жүктөр 2014-жылдын ортосунда жабылган америкалык «Манас» транзиттик жүк ташуу борбору аркылуу жеткирилип турган. НАТОнун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Александр Винников альянс Кыргызстандан жүк ташуу тууралуу жаңы келишим түзүү же мурункусун улантууну өтүнгөндүгүн билдирди.

«ББУнун Коопсуздук кеңеши тиешелүү резолюциясы менен НАТОнун Ооганстандагы жаңы миссиясын колдоду. Биз ошол резолюциянын негизинде өнөктөштөрүбүзгө келишимди узартуу же жаңысын түзүү өтүнүчү менен кайрылдык», — деди Винников.

Анын айтымында, «Чечкиндүү колдоо» миссиясы согуштук болуп эсептелбейт, а оогандык улуттук коопсуздук күчтөрүнө кеңеш берүү менен алектенет.

«Миссия ооган улуттук коопсуздук күчтөрүнө кеңеш берүү, окутуу жана жардам берүү менен алектенет», — деп түшүндүрдү ал.

«Чечкиндүү колдоо» буга чейин аяктаган «Коопсуздукка көмөктөшүү эл аралык күчтөрү» миссиясынын ордуна 2015-жылдын 1-январында башталган. Ал миссиянын алкагындагы келишимдер боюнча, Кыргызстан 2001-жылдын декабрында НАТОнун  Ооганстандагы Эл аралык антитеррористтик коалициясын асмандан кармыз кылып туруу үчүн «Манас» авиабазасын берген.

Ал келишимдин мөөнөтү 2014-жылдын 11-июлунда аяктап, кыргыз өкмөтү келишимди узартуу каалоосу жок экенин билдирген. Учурда жаңы миссия Кыргызстандын бийлигинин кароосунда.

Оператор: Темирлан Акимтеги