Бишкектик активисттер аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн берилчү жөлөкпулдун өтө эле аз экендигине каршы «Күнүнө 18 сом коротуп жаша» акциясын жарыялашкан. Акциянын катышуучулары Kloop.kgге көрсөтүлгөн суммага кандай азык-түлүктөрдү сатып алса боло тургандыгы жөнүндө айтып беришти.
Акция башталган июндун башынан бери 12 ыктыярчы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына берилчү жөлөкпулдун орточосуна — 18 сомго жашап көрүүгө аракет кылышкан. Акциянын катышуучулары кыска видео-отчетторун жайгаштырган социалдык түйүндөрдө кызуу талкуулар болгон.
Нургүл Осмонова IT-тармагында иштейт, бирок бош убактысын балдар үйлөрүнө жардам берип ыктыярчы катары өткөрөт. Ал акцияга биринчилерден болуп кошулган.
Ал бир апта бою күнүнө 18 сомдон коротуп жашоону пландагандыгын, бирок азык-түлүк алууга акчасы болгону эки жарым гана күнгө жеткендигин айтты.
«Сатуучулар менин видеого тартуума каршы болушту. Негизи эле 10 сомго картөшкө жана үч бадыраң сатып алганым алар үчүн өнөкөт болбогон көрүнүш катары сезилди, бир аз агрессиялуу мамиле болду», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.
Осмонова акция аркылуу жөлөкпулдун аздыгы көйгөйүнө көңүл бурдуртуу ниетинде. Бүгүнкү күндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына берилчү жөлөкпул өлчөмү айына 20 сомдон 600 сомго чейинки сумманы түзөт.
Парламент депутаты Айнуру Алтыбаева жөлөкпул белгиленген өлчөмдө болуп, 650 сомду түзүшү керек болгон мыйзам долбоорун сунуштаган.
«Жөлөкпулдун өлчөмү эсептелип чыгарыла турган формула бар. Анда коррупция, адам фактору бар. Маалымкатты кандай берсең сага ошондой эсептеп беришет. Бул социалдык жумушчунун пайдасына берилген», — деп билдирген ал.
Алтыбаеванын мыйзам долбоорун кароо күзгүгө, парламент депутаттары эс алуудан кайтып келгенге чейин жылдырылган.
Акциянын уюштуруучусу, Балдарды коргоо борборунун кызматкери Гладис Темирчиева шайлоонун алдында депутаттар атайылап мыйзамдын кабыл алынышын кийинкиге калтырууга аракет кылып жатышат деп эсептейт.
«Бул автоматтык түрдө миңдеген балдар жөлөкпул албай калышат жана Социалдык өнүктүрүү министрлиги мурдагы жылдардагыдай эле балдарга жумшалбай турган ири сумманы үнөмдөйт дегенди билдирет», — деди укук коргоочу.
Ал белгиленген өлчөмдөгү жөлөкпул билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес же акча табуу үчүн башка өлкөгө кеткен ата-энесинин жоктугунан улам зомбулуктарга кабылып жаткан миңдеген балдардын жашоосуна таасир эте алат деп эсептейт.
«Акциянын максаты коомчулукка кайрылуу болчу. Бул биздин ушундай айла түгөнгөндөгү кыйкырыгыбыз, анткени бизге бийлик, өкмөт, Социалык өнүгүү министрлиги, депутаттар менен түшүнүшүү өтө кыйын», — дейт Темирчиева.
Оператор: Темирлан Акимтеги