Чүчбараны тез жеөө боюнча чемпионатка 20дан ашык киши катышты, а мелдештин өзү үч күн болду. Чемпионаттын жеңүүчүсү болуп эки мүнөттүн ичинде дээрлик элүүдөй чүчбара жей алган бишкектик Александр Брусенцов табылды.

Мелдешке Кыргызстандын, Украинанын жана Бириккен Араб Эмираттарынын 23 жараны катышышты.

Катышуучулар 25 чүчбараны тез ылдамдыкта жеп бүтүрүүлөрү керек болгон.

IMG_8поратчано501

 

Эң мыкты жыйынтыкты кыргызстандык Александр Брусенцов көрсөттү, ал 1 мүнөт 51 секунддун ичинде 50 чүчбара жегенге жетишкен — уюштуруучулардын айтымдарында, бул көрчөткүч украиналыктардын 50 чүчбараны убакыт белгилеп жеөө боюнча рекордунан 9 секундага тез.

Дүйнөлүк рекорд АКШда коюлган — анда украин улутундагы америкалык Олег Жорницкий 1 мүнөт 39 секундда 100 чүчбараны жеп бүтө алган.

Экинчи орунду Сергей Кузнецов (2 мүнөт 15 секундда), а үчүнчү орунду Эркин Жумакадыров (2 мүнөт 45 секундда) алышты.

Чемпионаттын катышуучулары үч баскычта мелдешишти. Алардын ар бирине 25 чүчбарадан берилген, а алар аны убакыт ченеп, болушунча тез жеп түгөтүүгө аракет кылышты.
Чемпионаттын катышуучулары үч баскычта мелдешишти. Алардын ар бирине 25 чүчбарадан берилген, а алар аны убакыт ченеп, болушунча тез жеп түгөтүүгө аракет кылышты.

Чемпионат өткөрүлгөн «Корчма» ресторанынын ээси Виталий Босенко Kloop.kgге берген маегинде мелдеш үчүн 10 000ге жакын чүчбара жасалгандыгын билдирди. Айтымында, аларды даярдоого үч апта убакыт кеткен.

Мелдеш башталардын алдында ар бир катышуучуну атайын чакырылган дарыгерлердин тобу текшерген.

IMG_8475-1024x683

Катышуучуларга картөшкөдөн жасалган 25 чүчбара, каймак жана куурулган пияз берилген. Дарыгерлердин сунушу менен мелдештин ар бир катышуучусу чүчбаралардын артынан газдалбаган суу ичишкен.

Авторлор: Метин Джумагулов жана Жибек Кубаныч кызы.
Тарткан жана монтаждаган: Азат Рузиев.