Индиянын руханий лидери Махатма Гандинин айкелинин ачылышы Бишкекте 12-июлда болду. Эстеликти 10 жылдан ашык жыл мурун эле тургузуу пландалган, бирок каржылоонун жоктугунан улам ал иш кийинкиге калтырылып келген.

12-июлда Жибек Жолу проспектиси менен Жаш Гвардия гүлбагынын кесилишиндеги сейил бакта Махатма Гандиге тургузулган айкелдин ачылышы болду. Эстеликти орнотуу боюнча курулуш иштери июндун аягында башталган, а монументтин өзү Индиядан алынып келинген.

«Бир ай мурун борбордо сынак өтүп, мэрия менен Бишкек архитектурасынын адисттери сунушталган тогуз долбоордун бирөөсүн тандап алышкан. Артыкчылыкты айкелдин негизинде бүтүндөй ааламды — Махатма Гандинин гуманизм идеологиясы менен күндү көрө алган Смирновдун архитектуралык студиясынын долбооруна беришкен», — деп жазган vb.kg порталы.

Иш-чарага Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, кыргыз премьер-министри Темир Сариев жана Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов катышышты. Меймандарды Кыргызстанда билим алып жаткан индиялык студенттер тосуп алышты.

«Менин Кыргызстанга болгон сапарым биздин мамлекеттер ортосундагы жемиштуү кызматташуунун уландысы болуп калды деп ишенем. Индия Кыргызстан үчүн туруктуу дос жана стратегиялык өнөктөш бойдон кала берет», — деп жазган өкмөттүп аппаратынын басма сөз кызматы Индия премьеринин айткандарын.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга иш-сапары менен 12-июлда келген.