Кристоф Рехаге — немис саякатчысы, жазуучу жана режиссер. Ал өзүнүн Кытайга жасаган саякатынан улам белгилүүлүккө жеткен — Рехаге бир жыл ичинде Пекинден Үрүмчүгө чейин 4500 чакырым аралыкты жөө басып өткөн. «Тайм» журналынын версиясы боюнча, анын ал саякаттын жүрүшүндө тартылган The Longest Way («Узак жол») тасмасы 2009-жылдын эң мыкты вирустук он видеосунун катарына кирген.
2014-жылдын күзүндө Рехаге Кыргызстанда болуп, өлкөнүн түрдүү шаарлары тууралуу укмуштуудай видеолордун сериясын тарткан. Анын тасмаларынын бардыгы тең өзү болгон жерлер, андагы адамдар тууралуу жолдогу кыска жазуулары менен коштолгон.
Kloop.kg Регахенин Кыргызстан тууралуу жазган баяндарынын котормосун жарыялайт.
Рехагенин баянынын башка бөлүктөрү:
Кыргызстанды жөө кыдыруу, I бөлүк: Тоо көлдөрү
Кыргызстанды жөө кыдыруу, II бөлүк: Жети-Өгүз
Кыргызстанды жөө кыдыруу, III бөлүк: Жылкылар жана учактар
Кыргызстанды жөө кыдыруу, IV бөлүк: Кажы-Сай — унутулган кыштак
Кыргызстанды жөө кыдыруу, V бөлүк: Каракол — Ысык-Көлдүн кара колу
Кыргызстандын жөө кыдыруу, VI бөлүк: Чолпона-Ата — күзгү
Мен Чолпон-Атага келгенимде шаар ээн экен.
Өткөн он жылдыктагы советтик эс алуучулар да, кечээки туристтер да жок болчу.
Катуу шамал уруп турду, мен ага каршы бүкүрөйүп чоң жол менен бара жаттым.
Таң калычтуу, бирок мен түнөк таптым. Кайрадан эле жалгыз конок болдум.
Түн ичинде үшүп калбаш үчүн түнөк капка оронуп, үстүмө эки жуурган жамынып алдым.
Сыртта октябрь гана болгону менен тоонун кышкы суугу келип калыптыр.
Мен Чолпон-Атада бир апта болдум.
Мен аскаларга тартылган сүрөттөрдү, тоо таштарын көрдүм. Тоолорго карап суктануу үчүн дөбөлөргө көтөрүлдүм.
Мен мышык менен ойноп, ага бир аз сосиска сатып бердим. Анан мышык кетип калды да калган сосискаларды жолдо жүргөн жагымсыз иттерге берүүгө туура келди.
Иттер мага кол салып жиберчүдөй көрүндү, ошондуктан мен алардын жинине тийбегенге аракет кылдым.
Өзгөчө мага ар түнү өзүмдүн сүйүктүү жеримден — күзгүдөн — келе жатканда алардын жанынан өтүүгө туура келгенин эске алып.
Күзгү деп Ысык-Көлдүн жанындагы кичинекей көлдү атап алгам.
Мага аны күзгү деп айткан жакчу, анткени ал ушунчалык тынч жана тунук болгондуктан асманды так өзүндөй кылып кайталап көрсөтчү. Булуттарды дагы, жылдыздарды дагы.
Мен бир нече сааттап күзгүнүн алдында отурчумун, бирок анда өзүмдү жалгыз сезген жокмун. Менден алыс эмес жерде эки кичинекей жырткыч айбан бир нерсе куруп жатышты.
Мен алардын кемчеттер экенин жана менин ал жакта болушум алардын кыжырын келтирип жатканын түшүндүм.
Бир аздан соң алар эригип, андан ары өз иштери менен алек болууну чечишти.
Ал эмес алар менин фото жабдууларымды келип текшерип кетишти.
Мен токтогон мейманкананын ээси кемчеттерди Роб жана Боб деп атап койсо болорун айтты.
Анан да Хоган бар болчу. Ал өтө чоң болгондуктан мен аны Хоган деп атап алгам.
Ал мен дээрлик үргүлөп кеткенге чейин күтүп турчу да күзгүдөн жогору көтөрүлүп, сууну катуу чаап кайра кирип кетчү.
Хоган укмуштуудай шоумен болгон. Же шоубалык деп коюш керек го.
Анда каргалар да болчу. Алар күн сайын күн батаар маалда жүздөп учуп келишип, эң бийик бактардын бутактарын конушчу.
Күн бир нече мүнөт асманды кызгылт жана кызгылт көгүш түскө боеп турат. Күн батып, айлананы караңгы каптап келе жатканда каргалар учуп кетишет.
Мен каргалар жөн гана күндүн батышына суктанганы учуп келишти го деп ойлоп койдум.
Күндөрдүн биринде мен Ысык-Көлдүн жээгинен улгайган адамды кезиктирдим.
Ал 1970-жылдары аскердик кызматын чыгыш Германияда өтөптүр.
Ал Балтика деңизинде кантип сүзгөндүгү жөнүндө күлүп айтып берди. Көрсө анда медузалар толтура экен, аларды көргөндөн кийин ал деңизге таптакыр түшпөй коюптур.
Анан ал: «Ал кезде баары жакшы болчу!», деди.
Качан?
«Союз маалында да!»
Анын айтымында, ал кездерде таштандылар көрүнгөн жерде чачылып жатчу эмес.
Айнек бөтөлкөгө куюлган сүт сатып алса болчу, кийин дагы сүт ичкиң келсе бөтөлкөсүн кайра алып барсаң болчу.
Жашоо жөнөкөй, көл жээги таза болгон, а мамлекет жарандардын өргүүлөрүнө акча төлөп берчү.
Азыр баары акча! Ал кезде байлар болгон эмес!
«Бай адамдар жаманбы?», — деп сурадым мен.
Ал мага карап, анан колу менен ары-бери шилтеп: «Мунун бардыгы эмне үчүн? Алар башка нан жеп, башка чай ичишет. Бирок эмнеге?»
Анан ал кетип калды. Анын сөлөкөтү барган сайын алыстап, кичирейип баратты.
Мен ак чардактардын кыйкырыктарын уктум. Көлдө калкып жүргөн пластик баштыкты көрүм.
Суу аны акырын ары-бери чайпап турду, а ал болсо мага медузаны элестетти.
Рехагенин баянынын башка бөлүктөрү:
Кыргызстанды жөө кыдыруу, I бөлүк: Тоо көлдөрү
Кыргызстанды жөө кыдыруу, II бөлүк: Жети-Өгүз
Кыргызстанды жөө кыдыруу, III бөлүк: Жылкылар жана учактар
Кыргызстанды жөө кыдыруу, IV бөлүк: Кажы-Сай — унутулган кыштак
Кыргызстанды жөө кыдыруу, V бөлүк: Каракол — Ысык-Көлдүн кара колу
Которгон: Малика Баяз