Өкмөт калкты биометрикалык маалыматтарды тапшырууга чакырган промо-роликтерин жарыялады.

Анимацияланган кыска тасмаларда биометрикалык маалыматтарды эмнеге, кантип жана кайсыл жерлерде тапшыруу керектиги, ошондой эле жарандардын маалыматтарынын кандай сакталары түшүндүрүлгөн.

Биометрикалык маалыматтар эмнеге керек:

Биометрия тапшыргандар гана добуш бере алышат:

Биометрикалык маалыматтар кантип сакталат:

Биометрикалык маалыматтарды эмнеге тапшыруу керек:

Биометрикалык маалыматтарды кайсыл жерде жана кантип тапшырууга болот:

Өкмөт биометрикалык маалыматтарды 2014-жылдын сентябрынан тарта чогултуп баштаган. 2015-жылдын апрелинде Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алышкан. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, алдыдагы парламенттик шайлоо автоматташтырылган добуш берүү системасын пайдалануу менен өткөрүлөт.

Биометрияны топтоо менен алектенип жаткан Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын 2,5 миллиондон ашык жараны өз биометрикалык маалыматтарын тапшырышкан.

Шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышуу ниетин 34 саясий партия билдирди.

Укук коргоо уюмдары менен кээ бир саясатчылар биометрияны топтоо боюнча өнөктүктү бир нече жолу сынга алышкан. Алар маалыматтардын «тиешелүү деңгээлде корголбогондугун» айтышууда.

Укук коргоочулар Нурбек Токтакунов менен Токтайым Үмөталиева биометрикалык маалыматтарды топтоонун милдеттүүлүгүн алдыруу максатында Конституциялык палатага доо арыз менен кайрылышкан. Алардын пикирлеринде, мыйзам «иштебейт» жана «Конституцияга каршы келет».