Планетанын жашоочулары 12-августтан 13-августка караган түнү укмуштуудай жаратылыш кубулушуна — персеидддерге күбө боло алышты. Kloop.kgнин редакциясы бул кубулушту Бишкекте видеого түшүрүп алды.

Персеиддер — бул жыл сайын август айында асманда байкоого мүмкүн болгон метеор агымы. Көп жылдар мурун Свифт-Таттл кометасы тарабынан кое берилген өтө майда бөлүкчөлөр «шлейфтин» элесин берип, атмосферада күйөт. Бишкекте бул кубулушту 12-августтан 13-августка караган түнү көрүүгө мүмкүн болду.