Кристоф Рехаге — немис саякатчысы, жазуучу жана режиссер. Ал өзүнүн Кытайга жасаган саякатынан улам белгилүүлүккө жеткен — Рехаге бир жыл ичинде Пекинден Үрүмчүгө чейин 4500 чакырым аралыкты жөө басып өткөн. «Тайм» журналынын версиясы боюнча, анын ал саякаттын жүрүшүндө тартылган The Longest Way («Узак жол») тасмасы 2009-жылдын эң мыкты вирустук он видеосунун катарына кирген.
2014-жылдын күзүндө Рехаге Кыргызстанда болуп, өлкөнүн түрдүү шаарлары тууралуу укмуштуудай видеолордун сериясын тарткан. Анын тасмаларынын бардыгы тең өзү болгон жерлер, андагы адамдар тууралуу жолдогу кыска жазуулары менен коштолгон.
Kloop.kg Регахенин Кыргызстан тууралуу жазган баяндарынын котормосун жарыялайт.
Рехагенин баянынын башка бөлүктөрү:
Кыргызстанды жөө кыдыруу, I бөлүк: Тоо көлдөрү
Кыргызстанды жөө кыдыруу, II бөлүк: Жети-Өгүз
Кыргызстанды жөө кыдыруу, III бөлүк: Жылкылар жана учактар
Кыргызстанды жөө кыдыруу, IV бөлүк: Кажы-Сай — унутулган кыштак
Кыргызстанды жөө кыдыруу, V бөлүк: Каракол — Ысык-Көлдүн кара колу
Кыргызстандын жөө кыдыруу, VI бөлүк: Чолпона-Ата — күзгү
Кыргызстанды жөө кыдыруу, VII бөлүк: Токмок — жашыл өрөөн
Мен бул кадрларды 2014-жылдын сентябрында тарткам. Ал менин «Стандардын» бирине болгон алгачкы сапарым болгон жана анда мен жөө саякаттаган эмесмин.
Мен өзүмдүн кыйла эле уялчаак адам деп эсептейм, ошондуктан алгач мен өзүмдү бир аз эркин эместей сездим.
Өзүмдүн начар орусчам менен мен бул чөйрөгө кошулуп кете аламбы? Кыргызстан мен буга чейин болуп кайткан жерлерден өтө айырмаланабы?
Бактыга жараша Бишкек жагымдуу адамдар толгон жакшы шаар болуп чыкты. Анда борбор дагы деле толук ойгоно электей жайбаракат атмосфера сезилип турду.
Кыргызстан дагы деле уктап жаткандай.
Тилекке каршы жакшы таасирлерди калтыра тургандай жетиштүү кадрларды топтой алган жокмун. Балким кийинкисинде кылармын.
Kloop.kgнин редакциясы Кыргызстанга келип кеткенден кийин кандай таасирлер, эскерүүлөр калгандыгын суроо үчүн Кристоф Рехаге менен байланышкан. Саякатчы бизге бир нече аптадан кийин жооп берди.
Кистоф Рехгенин катынын толук тексти:
Саламатсыздарбы! Жоопту кечеңдеткеним үчүн кечирим сурайм, мен жаңы гана чет өлкөдөн келдим!
Эгер кыргызстандыктар менин видеолорумду көрүп, мен жазган баяндарды окушса мага абдан жагымдуу болор эле, мен силердин өлкөнү абдан сагынып жатам!
YouTube сервисиндеги видеолорго шилтемелерди коюп койгула, ошондо баары нормалдуу болот. Ошондой эле силер тексттер менен сүрөттөөлөрдү да көчүрүп алып пайдалансаңар болот.
Мен Кыргызстанга эмнеге бардым? Алгач мен өзүмдүн жөө саякатымды Кытайдан үйгө чейин улантып (ага чейин 2008чи жана 2012-жылдары Пекинден Казакстандын чек арасына чейин жөө саякат жасагам), бул жолкусунда Борбордук Азия аркылуу өтөйүн дегем.
Бирок мен бул аймактын кандай экенин таптакыр билчү эмесмин жана орусча да начар билем, ошондуктан бир аз кооптонгом. Андыктан мен анын алдында «стандардын» бирине барууну чечтим, бирок жөө эмес, а учак менен.
Мен үчүн Кыргызстан аймактагы ачыгыраак өлкө катары сезилди. Негизинен мен ал жакка атайын виза албастан эле бара ала тургандыгым үчүн.
Терең урматтоо менен Гамбургдан.
Рехагенин баянынын башка бөлүктөрү:
Кыргызстанды жөө кыдыруу, I бөлүк: Тоо көлдөрү
Кыргызстанды жөө кыдыруу, II бөлүк: Жети-Өгүз
Кыргызстанды жөө кыдыруу, III бөлүк: Жылкылар жана учактар
Кыргызстанды жөө кыдыруу, IV бөлүк: Кажы-Сай — унутулган кыштак
Кыргызстанды жөө кыдыруу, V бөлүк: Каракол — Ысык-Көлдүн кара колу
Кыргызстандын жөө кыдыруу, VI бөлүк: Чолпона-Ата — күзгү
Кыргызстанды жөө кыдыруу, VII бөлүк: Токмок — жашыл өрөөн