Бишкектин Жол кайгуу кызматынын инспекторлорунун жанында алардын жол эрежесин бузган айдоочулар менен сүйлөшүүсү видеого тартылып турчу камералар болот. Бул тууралуу Kloop.kgге курган маегинде ЖККнын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.

ИИМдин алдындагы ЖККнын басма сөз катчысы Тилек Оторов Kloop.kgге курган маегинде инспекторлорду видеокамералар менен жабдуу боюнча программа алгач Бишкек шаары менен Чүй облусун кучагына аларын билдирди.

«Биздин кызматкерлердин бардыгы тең жанында камераларды алып жүрүшөт жана алардын ар бир аракети ага тартылып турат. Базада кызматкер менен жол кыймылынын катышуучуларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү онлайн түрүндө көрүүгө болот. Базада анын бардыгын көзөмөлдөп турчу атайын адис болот. Эгер инспектор тарабынан кандайдыр бир туура эмес аракеттер болсо, ал боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлөт», — деди ал.

Пара алуудан баш тартуу

«ЖКК инспекторлорунун кызматтагы жашоосунан жарым саат» деген аталыштагы тасма мекеменин жетекчилиги тарабынан 19-августта жарыяланган.

Анда милиция кызматкерлери жол эрежесин бузган айдоочулардын ЖКК инспекторлоруна пара сунуштап жаткандыктарын жашыруун камерага тартып алышкан.

Видеодо жол эрежесин бузгандар ЖКК кызматкерине маселени «адамча» чечүүнү сунуштап жаткандыктары тартылган — алар пара берип, күбөлүктөрүн көрсөтүшүп, жогорку кызматтардагы тааныштарын айтып инспекторлорго таасир этүүгө аракет кылышкан.

Тема боюнча:

Видео: ЖКК инспекторлору пара алуудан баш тарткан «жооптуу ролик» тартышты