Кыргызстанда «Датка-Кемин» электр берүү линиясынын курулушу аяктады — учурда «Улуттук электр станциялар» ААКсы аткарылган иштердин сапатын текшерүүдө. Бийлик жаңы электр берүү линиясынын курулушу өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылышы керектигин билдирүүдө.

Мамлекеттик комиссия «Датка-Кемин» электр берүү линиясы ишке берилиши керек болгон 31-августка чейин аны текшерип, кабыл алуусу керек.

Курулуш иштери Кытайдын  «Tebian Electric Apparatus Stock Co. Ltd» деген жалданма компаниясы тарабынан аткарылды. Ал ар бири 500 киловаттык «Датка-Кемин» жана «Кемин» электр берүү линияларын курду. Келишимдин жалпы суммасы дээрлик 390 миллион АКШ долларын түздү.

Өкмөт жаңы электр берүү линиясы Бишкек тарабынан колдонулган электр энергиясынын көлөмүн жабышы керектигин билдирди.

Өкмөттөн электр берүү линиясынын ишке киргизилиши менен өлкөнүн энергетикалык көз карадысыздыгын камсыздашы керек деп билдиришүүдө. Ошондуктан электр берүү линиясынын ачылышы катары 31-августтун белгилениши символикалык мүнөзгө ээ.

«Жаңы электр берүү линиясы иштеп баштагандан кийин өлкө энергетикалык көз карандысыздыкка жетет. Ошондуктан аны Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата ишке берүүгө жетишүү абдан маанилүү», — деди премьер-министр Темир Сариев.

Датка жана Кемин подстанцияларын бириктириши керек болгон 405 чакырымдык электр берүү линиясынын курулушу 2011-жылы башталган.

Өкмөт энергетикалык көз карандысыздык деп Борбордук Азиянын бирдиктүү энергетикалык шакекчесинен көз карандысыз болуу тууралуу айтууда.

Анткени электр энергиясынын көпчүлүк бөлүгү өлкөнүн түштүгүндө өндүрүлүп, аны өлкөнүн түндүгүнө жеткирүү өлкө ичиндеги беш жүз киловаттык «Токтогул ГЭСи — Фрунзе» деген бир гана линия аркылуу ишке ашырылып келген. Бирок аны менен катар электрди берүү үчүн техникалык жактан шакектелген электр берүү линиясы зарыл болгон.

Ал үчүн Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын линияларынан түзүлгөн бирдиктүү борборазиялык шакекче пайдаланылып келинген. Буга чейин республиканын нормалдуу электр менен камсыз болуусу үчүн бардык үч өлкөнүн электр берүү линиялары турукту иштеп, коңшулар менен келишилген макулдашуулардын шарттары аткарылышы керек болчу.

Казакстан менен Өзбекстан өздөрүнүн көз карандысыз электр берүү линияларын буга чейин эле куруп бүтүшкөн. Кыргызстанда болсо бүгүнкү күгө чейин бирдиктүү шакекчеге альтернатива жок болуп келген.

«Датка-Кемин» ишин баштагандан кийин Кыргызстанда «Фрунзе», «Датка» жана «Кемин» подстанцияларын бириктирген электр берүү линиясынын өз шакекчеси пайда болот.

Ошентип Кыргызстан жаңы жылуулук берүү сезонуна өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгынын жаңы макамында барат. Бирок Борбордук Азиянын бирдиктүү энергосистемасынын алкагында кызматташтык улана берет.