Парламенттик шайлоого «Азаттык» партиясынын тизмесинде талапкер катары катышып жаткан журналист Дайырбек Орунбеков Кара-Кулжанын бийлик өкүлдөрүнүн болжолдуу түрдө парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушууга даярданып жаткандыктары тартылган видео жайгаштырды. Жээнбеков шайлоого президенттик КСДП партиясынан талапкер болуп эсептелет.

Орунбеков «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү жеке баракчасына залга чогулган элдин парламент төрагасы Асылбек Жээнбековду тосуп алууга даярданып, «Жашасын СДПК партиясы! Ура! Ура! Ура!» деп кыйкырып жаткандыктары тартылган видео жайгаштырды.

Орунбековдун өзү Kloop.kgге курган маегинде видеодогу көрүнүш 29-сентябрь күнү Кара-Кулжанын акимиатынын имаратында болгонун айтты — өмүр баянына ылайык, Жээнбеков аталган райондо туулуп-өскөн.

Журналисттин айтымында, жергиликтүү бийлик мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди чогултуп, эгер алар Жээнбеков менен жолугушууга келбесе «шайлоодон кийин алардын ортосунда олуттуу сүйлөшүүлөр болорун айтып» коркутушкан.

«Аким [Каныбек Алиязов] менен анын орун басары бардыгын чогултуп, «эртең [30-сентябрда] Асылбек Жээнбеков келет. Качан ал: “Биздин ишенимдүү тирегибиз ким?” деп сураганда силер СДПК деп кыйкырышыңар керек», деп айтышты. Аларды жумуштан алып келишип, ушинтип айтууга мажбурлап жатышат», — деди Орунбеков.

Ал видеону жергиликтүү тургун тартканын кошумчалады, бирок «коопсуздук максатында» анын аты-жөнүн айтуудан баш тартты.

«Азаттык» радиосунун веб-сайты Орунбековдун айткандарын кыйыр түрүндө ырастады. Басылма Кара-Кулжанын ооруканасында тартылган видеосун жайгаштырды — анда Жээнбековдун келишине даярдык көрүлүп жаткан маалда дарыгерлердин эч кимиси жумуш орундарында болгон эмес.

Kloop.kgнин редакциясы бири-бирине көз карандысыз болгон бир нече булактан Кара-Кулжанын бийлиги мамкызматкерлерди Жээнбеков менен жолугушууга келгиле деп айтканына ырастама алды. Бул тууралуу Кара-Кулжадагы милиция кызматкерлеринин бири, жергиликтүү тургун жана даярданууга күбө болгон адамдар айтышты, бирок алар өздөрүнүн аты-жөнүн айтууну каалашкан жок.

Кара-Кулжа райондук шайлоо комиссиясынын төрайымы Мырзаим Сагынбаева Kloop.kgге КСДП тарабынан административдик ресурстун пайдаланылып жаткандыгы тууралуу маалымат ырасталбагандыгын айтты.

«Мен партиялардын шайлоочулар менен жолугушууларына өзүм барып жүрөм. Бул менин милдетим. Райондун жашоочуларын КСДП менен жолугушууга барууга мажбурлагандыктары тууралуу мен эч нерсе билбейм», — деди Сагынбаева.

Азырынча КСДП түшүндүрмө бере элек

КСДПнын басма сөз кызматынан Kloop.kgге жарыяланган видеону көрүп чыккандан кийин гана түшүндүрмө бере тургандыктарын айтышты.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Кара-Кулжанын бийлиги менен байланышууга мүмкүн болгон жок — жергиликтүү администрация менен жергиликтүү чиновниктердин уюлдук телефондоруна эч ким жооп берген жок.

Кара-Кулжа районунун акими Каныбек Алиязов журналисттердин чалып жатканын уккан соң дароо телефонун коюп койду. Аны менен байланышууга болгон кийинки аракеттерибиз ийгиликсиз болду.

КСДПнын мурдагы лидери болуп учурдагы президент Алмазбек Атамбаев эсептелет.

Өлкө башчысынын өзү алдыдагы парламенттик шайлоо таза жана ачык өтүшү керектиги тууралуу бир нече жолу билдирген — анын айтымында, административдик ресурсту пайдаланууга болгон кандай гана аракет болбосун дароо жокко чыгарылышы керек.