Ушул жылдын июлунда Бишкекте өткөрүлгөн антитеррористтик операция маалында күйүп кеткен алты үйдүн экөөсү курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди. Жаңы курулган үйлөр тууралуу жабыркагандардын пикирлери ар башка болуп чыкты.

Июлдун ортосундагы атайын операция маалында жабыркаган бишкектиктерге жаңы курулган үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу салтанаты 14-октябрда өттү. Аларга ачкычтарды вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев тапшырды.

Вице-премьердин айтымында, бийлик өз «сөзүнө туруп» жаңы үйлөрдү эки жарым айдын ичинде куруп бүттү.

«Биз силерге эки жарым айда үйлөрдүн курулушун аяктайбыз деп убада бергенбиз. Сөзүбүзгө турдук, бүгүн силерге ал үйлөрдү тапшырып жатабыз. Азыр аларды барып көрөбүз. Үйлөр сапаттуу жана жакшы курулду», — деди Маматалиев операция маалында үйлөрү өрттөнүп кеткен бишкектиктерге.

Бийлик күйүп кеткен үйлөрдү ушул жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоого чейин калыбына келтирүүнү убадалаган болчу. Бирок азырынча өрттөнгөн алты үйдүн экөөсү гана калыбына келтирилди.

Жабырлануучу Евгения Крапивина Kloop.kgге курган маегинде жаңы курулган үйлөрдө аларды жылытуу көйгөйү бар экенин айтты.

«Жаңы орноткон мештин мору туура дубалдын өзүнөн чыгат жана аны көмүр, жыгач менен жылытуу керек. Бул биздин мурдагы мешибизге газ туташтырылганына карабастан, райондо газ бар да. Бизде үйдү көмүр же тезек менен жылытууга сарайыбыз жок», — деди ал.

Экинчи үйдүн ээси Иван Заряев ага жаңы курулган үйлөр «жакканын» айтты.

«Аягына чейин жасалбаган нерселер бар болсо өзүбүз жасап бүтүрөбүз», — деди ал.

Үстүбүздөгү жылдын июлунун ортосунда Бишкектин борборунда өткөн антитеррористтик операциянын жүрүшүндө жалпысынан алты үй өрттөнүп кеткен.

Атайын кызматтагылардын версиясы боюнча, операция Кыргызстанда экстремисттик деп табылган «Ислам мамлекети» уюмунун мүчөлөрүнө каршы өткөрүлгөн.