Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү бир катар журналисттердин Жогорку Кеңештеги аккредитацияларынан ажыратылганына каршы нааразычылыктарын билдиришип, ак үйдүн тосмосуна кара тасмаларды байлап, шамдарды күйгүзүп коюшту.

Бир нече кыргыз журналисттеринен турган топ 24.kg маалымат агенттиги менен «Республика» гезитинин кабарчыларынын аккредитациясынан ажыратылышына каршы нааразычылыктарын билдиришип, Жогорку Кеңештин тосмосуна кара тасмаларды байлап, шамдарды күйгүзүп коюшту. «Унутпайбы, кайгысын тең бөлүшөбүз...» деген аталыштагы акция 18-ноябрда парламент имаратынан алдында өттү.

Акциянын катышуучулары ошондой эле Жогорку Кеңешке кирүүдө дресс-кодду сактоо талаптарына карата да нааразычылыктарын билдиришти.

«Менин оюмча, алар [депутаттар]  өздөрүнө сот органдарынын функциясын алып алгандай: [парламент имаратына] кимди киргизүү, кимди киргизбөө чечимин кабыл алышып. Эгер өткөн чакырылыш бир канча журналистке карата чечим чыгарган болсо, азыркысы болсо ошол салтты улантып, силер бизге кирбешиңер керек деп ал журналисттерди «өмүр бою аккредитациясынан ажыратууну» чечти», — деди акциянын катышуучуларынын бири, «МК-Азия» гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов.

Акциянын «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасында түшүндүрүлгөндөй, катышуучулар «учурдагы бийлик системасынын өлүү төрөлгөн» парламентине «аза күтүү» катары Жогорку Кеңештин имаратынын тосмосуна кара тасмаларды байлашкан.

Акциянын жүрүшүндө активист Өндүрүш Токтонасыров өзү сөз эркиндиги менен журналисттердин аракеттерин чектеп жатат деп эсептеген парламент менен төраганы илююстрациялап, өзүнүн колу-бутун байлап алды.

Токтонасыров Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековго кайрылып, журналисттерди өзүнүкү жана чоочун деп бөлүүгө болбостугун айтты.

«Сиз [төрага] журналисттерди сындаганыңызды качан токтотосуз? Журналисттер — бул коомдун күзгүсү, алар бизге керек, журналисттерди бөлүп, адарды адилеттүү жана адилетсиз деп ылгабоо керек. Андай болбойт», — деди ал.

Журналист Мария Зозуля журналисттерди аккредитациясынан ажыратуу менен парламент «башаламандык» түзүп жатат деп эсептейт.

«Биздин өлкөдө ансыз деле сөз эркиндиги азайып жатат, а азыр болсо биз баарыбыз башаламандык түзүлүп жатканын көрүп атабыз. Анан албетте биз кесиптештерибизди колдойбуз, анткени мындай болбошу керек, бул туура эмес, болгондо да демократия тууралуу көп нерселер айтылып жүргөндөн кийин», — деп эсептейт Зозуля.

Акцияга журналисттерден сырткары экс-депутат Равшан Жээнбеков, активисттер Мавлян Аскарбеков менен Өндүрүш Токтонасыров, «Жаңы муун» кыймылынын өкүлдөрү Тимур Саралаев менен Адил Турдукулов катышышты.

Парламент «24.kg» маалымат агенттигинин үч журналистин — Юлия Костенко, Дарья Подольская жана учурда «Республика» гезитинде иштеп жаткан Махинур Ниязованы депутаттар Игорь Гусаров менен Ирина Карамушкинанын өтүнүчү менен аккредитацияларынан ажыраткандыктарын билдирүүдө. Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышынын депутаттары ЖМК өкүлдөрүн жалган жалаа жабууга жана алардын ар-намысын, ишмердүүлүк зоболосун кемсинтүүгө айыпташкан.

Журналисттерди аккредитациядан өткөрүү боюнча комиссия бардык материалдарды жана депутаттардын өтүнүчтөрүн карап чыгып, маалымат агенттиктин кызматкерлери «чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратышкан» деп таап, аларды аккредитациясынан ажыраткан.

Конституциянын 93-беренесине ылайык, кайсыл бир маалыматтын чындыкка дал келээр-келбеси же адамдын ар-намысын каралаган же каралабагандыгы тууралуу чечим чыгарууга соттун гана укугу бар.

Карамушкина Ниязовага каршы сотто жеңип чыккан, а Гусаров сот органдарына кайрылган эмес.

Тема боюнча: Парламент аккредитациялоо маселеси боюнча журналисттер менен талашып-тартышууда [видео]

Автор: Эвелина Зайцева
Видео: Владимир Цай