«Прецедент» юридикалык фирмасынын башчысы Нурбек Токтакунов шайлоо алдында президент бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү тууралуу терс пикирлерин билдирүү менен анын кадыр-баркы жана ар намысын кемсинткен деп эсептейт.

Токтакунов президент Алмазбек Атамбаевге каршы анын шайлоо алдында бейөкмөт уюмдар тууралуу айткандарына байланыштуу доо арыз жазды — ал пикирин өлкө башчысы эл аралык байкоочулар менен болгон жолугушуусунда билдирген болчу.

«Өлкөдө абалды чайпалтууга чоң аракеттер болду. Конституциялык сотто ойногонго чейин барышты. Ал адамдар башка бирөөлөрдүн буйруктарын аткарып жатышат. Аларга шайлоо кайрадан эчки схема боюнча өтүп, анын митингдер, башаламандыктар менен коштолуп, өлкөдөгү абалдын туруксуздашы маанилүү болгон», — деп билдирген анда президент.

Президенттин аппараты Атамбаевдин ал айткандарын юристтин дарегине жолдонгон кемсинтүү деп эсептебейт. Ал Токтакуновдун катына жазган жообунда өлкө башчысынын сөздөрүн «конструктивдүү сын» деп атаган.

«Өлкө башчысынын айткандары ар-намысын кемсинтип, беделин түшүрүү максатында кайсыл бир конкреттүү адамга багытталган эмес, ал конструктивдүү сын болуп эсептелет», — деп жазылган президенттин аппаратынын жообунда.

Бирок юрист президент ал сөздөрү менен дал анын өзүн кемсинткенин билдирди. Айтымында, анткени өлкө башчысы анда жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүү процессинин Конституциялык палатада каралышын демилгелегендер тууралуу айткан. А аны Токтакунов менен активист Токтайым Үмөталиева демилгелеген болчу.

«Атамбаев ал сөздөрү менен мага жалган жалаа жапты деп эсептейм […] Албетте ал менин ишмердик беделиме сокку болуп урулуп, ар-намысым менен кадыр-баркыма зыян келтирди», — деди ал.

Юрист доо арыз менен Биринчи май райондук сотуна кайрылды. Ал соттон президенттин айткандарын жаманатты кылуучу жана чындыкка туура келбеген сөздөр катары таанып берүүсүн өтүндү.

Сот юристтин арызын каттады, бирок азырынча аны кароо же карабоо боюнча чечим кабыл ала элек. Токтакунов акчалай компенсация талап кылган эмес, анткени ал соттун арызды кароодон баш тартуусуна кошумча себеп болушу мүмкүн деп эсептейт.

«Мен миллиондогон акча доолаган жокмун, анткени ал соттун президенттин иммунитетине таянуусуна шылтоо болуп калат. Менин тажрыйбамда ошондой болгон, айрым жогорку кызматтагы чиновниктер менен соттошконумда ал конкреттүү сумма мага каршы болгон», — деди ал.

Токтакунов сот анын арызын кароого кабыл албайт болушу керек деп эсептейт. Эгер баш тартса юрист ал чечим боюнча жогорку бачкычтагы сотко кайрылуу ниетинде

«Сот андайга барбайт деп ойлойм. Биздеги соттук система негизинен вертикалга баш ийет. Тактап айтканда, алар президенттин аппаратына, бийликтин башка бутактарына кылчактап иштешет. Алардын өзүлөрү болсо бийлик болбой калышты, албетте мен алар арызды кароого кабыл алышат деп күтпөй элем», — деп ишенет юрист.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов Токтакуновдун доо арызы боюнча түшүндүрмө берген жок.

Биометрикалык маалыматтарды топтоо

Биометрикалык маалыматтарды милдеттүү түрдө каттоо тууралуу мыйзам 2015-жылдын апрелинде кабыл алынган. Ага ылайык, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн жарандар биометрикалык маалыматтарын тапшыруулары керек болчу.

Токтакунов менен Үмөталиева ал мыйзам Конституциянын ченемдерине каршы келет деп эсептешип, Жогорку соттун алдындагы Конституциялык палатага арыз менен кайрылышкан.

Арыз каралган биринчи отурумда парламенттин өкүлү баяндамачы судья Клара Сооронкулованын Үмөталиева менен «байланышы» бар экенин айтып, анын ишти кароодон четтетилишин талап кылган. Анын кайсыл байланыштары тууралуу айтып жаткандыгы ошол бойдон белгисиз калган. Ага карабастан судьялар Сооронкулованын четтетилишин колдоп добуш беришкен.

Сооронкулова ишти кароодон четтетилгенден кийин биометрикалык маалыматтарды топтоо тууралуу мыйзамды «легитимсиз» деп атап, ага президенттин аппараты менен Конституциялык палатанын төрагасы басым жагандыгын билдирген.

14-сентябрда Конституциялык палата мыйзамды конституциялык деп тапкан. Чечим судьялардын бир добуштан колдоосу менен кабыл алынган.

Эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар шайлоочуларды биометрикалык маалыматтары боюнча идентификациялоо менен өткөн парламенттик шайлоону «таза» жана «атаандаштык атмосферада» өттү деп айтышкан.

Автор: Эвелина Зайцева
Видео: Виталий Белошапкин.