Интернет колдонуучулар Google Translateтин кыргыз версиясын сынап көрүүдө сөздөрдүн «кызыктай» котормолорун аныкташты. Кыргызстандык программист сервис тарабынан «дурак» сөзүнүн эмне себептен «акмак аял» деп которулуп жатканын түшүндүрүп берди.

Тил котормолорунун сервиси расмий түрдө 18-февралга караган түнү жаңыланган. Анда 12 жаңы тил менен катар ага кыргыз тили да кошулган.

Кыргызстандык социалдык түйүн колдонуучулары котормону сынап көрө башташып, айрым сөздөрдүн аларга күлкүлүү же кемсинтүү катары сезилген котормолорун аныкташты.

12755415_1045675105475559_2124342716_o

Программист Даниил Вартанов Kloop.kgге курган маегинде Google өз котормолорунда интернет колдонуучулардын тексттеринде тигил же бул сөздүн же сүйлөмдүн кандай жазылганына таянарын билдирди.

«Ыктыярчылар анда «акмак аял» деген сыяктуу сөздөр болсун деп андай мүнөздөгү тексттерди жүктөшпөсө керек да. Гугл-котормочу ал сөздү дагы бир башка жактагы кыргыз текстинен алгандыгы ачык көрүнүп турат», — деди Вартанов.

12755415_1045675105475559_2124342716_o

Вартановдун айтымында, мындай учурлар буга чейин бир нече жолу болгон: мисалы, Google «Government decided» (Мамлекет чечкен) фразасын англис тилинен орусчага «Назарбаев решил» (Назарбаев чечти) деп, а украин тилинен — «Росiйська Федерацiя» (Орусия Федерациясы) сөзүн орусчага «Мордор» [британ жазуучусу Ж.Р.Р.Толкиндин дүйнөсүндөгү Караңгы менен Жамандыктын башкы күчтөрү жайгашкан өлкө] деп которгон.

«Я тебя люблю» фразасын кыргыз тилине которуу аракети. Анын туура эмес которулушу анда кыргыз алфавитинин тамгаларынын жоктугу менен түшүндүрүлөт
«Я тебя люблю» фразасын кыргыз тилине которуу аракети. Анын туура эмес которулушу анда кыргыз алфавитинин тамгаларынын жоктугу менен түшүндүрүлөт

Ал окуяны Google корпорациясы орусиялык РБК басылмасына котормочу автоматтык түрдө которорун жана ал белгилүү алгоритмдерди пайдалана тургандыгы менен түшүндүрүшкөн.

«Качан Google Translate автоматтык котормо жасаганда, ал кайсыл вариант кыйла туурараак болушу мүмкүндүгүн аныктоо үчүн жүз миллиондогон документтердин үлгүлөрүн пайдаланат. Бирок автоматтык которуу — бул абдан оор система, анткени сөздөрдүн маанилери алар колдонулган контекстке жараша болот», — деп билдирди компания өкүлү.

12755415_1045675105475559_2124342716_o

Вартанов Googleдун кыргызчадан одоно каталар менен которуп жатканына нааразы болууну — «бул күзгүгө таарынгандай эле кеп» деп эсептейт.

«Ошондой сүйлөгөн коомго таарынуу керек. А «жакшыраак котормо сунуштоо» баскычын баспагандыгың үчүн жана эки тилдүү тексттерде ыктыярчылар менен иштебегендигиң үчүн өзүңө таарынсаң андан жакшы болот. Андыктан Гуглду күнөөлөө — бул сизге кызык болгон макаланын жоктугу үчүн Википедияны күнөөлөгөндөй эле», — деди ал.

Кыргыз тилинин Google котормочуга кошуу долбоору менен алектенген «Биздин мурас» фондунун директору Чоробек Сааданбековдун билдирүүсү боюнча, бүгүнкү күндө ыктыярчылар анын базасына миллионго жакын сүйлөм жана төрт миллиондой сөз кошушкан.

Тил котормолорунун сервиси дайыма толукталып жатат жана колдонуучуларда андагы «түзөтүү сунуштоо» баскычын басып, котормонун өз вариантын сунуштоо мүмкүнчүлүгү бар.