«Кумтөр Голд Компанинин» кеңсесиндеги тинтүүдөн кийин 28-апрелде канадалык Centerra Gold Inc корпорациясынын акциялары 8,7 пайызга арзандады. Андан улам Кыргызстан бир сутканын ичинде 44 млн. доллар жоготту.

Алтын өндүрүүчү «Кумтор Голд Компани» компаниясына ээлик кылган канадалык Centerra Gold Inc корпорациясынын акцияларынын арзандашы 28-апрель күнү кечинде башталган.

Арзандоо «Кумтөрдүн» Бишкектеги кеңсесинде тинтүү иштери башталгандан 3-4 саат өткөндөн кийин байкалган — анда мекемелер аралык тергөө тобу компаниянын акчаларын мыйзамсыз чыгарып кетүүгө байланышкан материалдарды издеген.

Investing.com каржы басылмасынын маалыматы боюнча, 28-апрель күнү эртең менен бир акциянын баасы 5,7 долларды түзүп турган, бирок кечке карата 39 пайызга, андан кийин 12 пайызга төмөндөп, жыйынтыгында бир акциянын баасы 5,2 долларды түзүп калган. Анда Кыргызстандын акциялар пакети жалпысынан 44 млн. АКШ долларына арзандаган.

Экономист Александр Хван Kloop.kgге курган маегинде акциялардын баасынын өзгөрүшүнө көптөгөн факторлор таасир эте тургандыгын билдирди. Анын айтымында, алар базардагы тренддер, саясий абал, инвесторлорду күтүү, ошондой эле компаниянын операциялык ишмердүүлүгүнүн туруктуулугу болушу мүмкүн.

«Акцияларды алардын болжолдонгон бааларынын өсүүсүнүн эсебинен пайда көрүү үчүн сатып алышат. Качан компанияда көйгөйлөр пайда болгондо, инвесторлор аларды сата башташат. Жыйынтыгында суроо-талаптан кыйла басымдуу болгон сунуштардын көптүгү акциялардын бааларынын кескин төмөндөшүнө алып келет», — деди экономист.

«Акчабар» экономикалык басылмасы башка алтын өндүрүү компанияларынын акциялары арзандабагандыгын, өз кезегинде бул «акциялардын бааларына дал Бишкектеги тинтүүнүн түздөн-түз таасири бар экендигин» көрсөтүп турганын жазды.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн «Кумтөрдүн» кеңсесиндеги тинтүү иштери аяктады. Тергөө тобу 2013-жылдагы 200 млн. доллардын мыйзамсыз чыгарылып кетиши тууралуу маалыматтарга ээ болушу мүмкүн болгон компаниянын жетекчилери менен кызматкерлерин суракка алып жатат.

«Кумтор Голд Компани» — толугу менен канадалык Centerra Gold Inc корпорациясына таандык болгон алтын өндүрүү компаниясы. Кыргызстан Centerraнын акцияларынын дээрлик 33 пайызына ээлик кылат.