Казакстанда 1-майда майрамдалган Элдердин биримдиги күнүн белгилөө маалында жерлердин чет өлкөлүктөргө сатылышына нааразы болгондор Кызыл-Ордо жана Жаңы-Өзөн шаарларында нааразычылык акциясына чыгышты. Полиция митингчилерди кармап, аянттан алып кетти.

Кызыл-Ордонун аянтында казак жерлеринин чет өлкөлүктөргө сатылышына каршы кезектеги митинг өтүп, ал укук коргоо органдарынын чогулгандарды кууп таратышы менен аяктады.

Шаардын жашоочулары нааразычылык акциясын 1-майда, Казакстан элдеринин биримдиги күнү майрамдалып жаткан учурда өткөрүштү. Митингдин катышуучулары Жер кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө каршы экендиктерин билдиришти. Алар киргизилген өзгөртүүлөр чет өлкөлүктөрдүн Казакстандын аймагындагы жерлерди сатып алуусуна мүмкүндүк берет деп эсептешүүдө. Аянтка чогулгандар бийликтен жерлерди башка өлкөлөрдүн жарандарына сатууга жана ижарага берүүгө тыюу салууну талап кылышты.

«Азаттык» радиосу полиция кызматкерлери чогулгандарды аянттан кууп таратып, аларды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү күтүп турган шаардык театр имаратына кирүүнү сунуштагандыгын билдирүүдө.

Басылма билдиргендей, аким Серик Кожаниязов бир саат бою митингчилердин талаптарын угуп, андан соң демонстранттар тарап кетишкен.

1-майда ошондой эле Жаңы-Өзөн шаарында да нааразычылык акциясы өтүп, ага ондогон адамдар чогулган. Жергиликтүү тургундун айтымында, акциянын катышуучулары аким чет өлкөлүктөргө «жерлер сатылбай тургандыгын» билдиргенден кийин тарап кетишкен.

Буга чейин жерлердин сатылышына каршы Казакстандын Атырау шаарында да митинг болгон. Казак ЖМКлары шаардын борбордук аянтына 700гө жакын киши чогулуп, жергиликтүү бийликтен алардын талаптарын өкмөт менен парламентке жеткирүүнү талап кылышкандыктарын билдирүүдө.

«ТенгриНьюз» агенттигинин маалыматы боюнча, 2016-жылдын июлунан тарта Казакстандын аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди аукциондордо сатып алууга болот.

Казакстандын улуттук экономика министринин биринчи орун басары Кайрбек Ускенбаев айыл чарба багытындагы жерлер чет өлкөлүк жарандарга жеке менчикке берилбестигин билдирген.

Бирок Жер кодексине киргизилген өзгөртүүлөр коомчулукта кызуу талкуу жаратып, жерлерге чет өлкөлүк жарандар ээ болуп калышы мүмкүн деген кооптонуулар айтылып баштаган.