2-майда австралиялык Крэйг Райт биткойндун негиздөөчүсү экенин билдирди. Kloop.kg окурмандарына Райттын ким экендигин жана эмне себептен биткойн-коомчулугу күчтүү лидерге муктаж экенин түшүндүрүп берүүнү чечти.

Эмне болду?

Кечээ австралиялык Крэйг Райт Bitcoin төлөм жүргүзүү системасынын негиздөөчүсү Сатаси Номото экендигин билдирди. Биткойндорду ким ойлоп чыгаргандыгы тууралуу маселе көптөгөн жылдардан бери ачык бойдон калып келүүдө.

Биткойн деген эмне?

Биткойндор — бул аны коргоо үчүн криптографиялык ыкмалар пайдаланылган валюта. Негизги өзгөчөлүгү анын «пиригдик түйүн» экендигинде, тактап айтканда, ал колдонуучулардын арасында гана иштейт. Түйүндүн борбордук администрациясы жок жана андагы транзакцияларды эч ким көзөмөлдөй албайт.

Биткойндорго ар кайсыл өлкөдө ар башка мамиле жасашат. Айрымдарында — мисалы, Норвегия менен Хорватияда — аларды активдер катары баалашат, бирок валюта катары эмес. Башка өлкөлөрдө, мисалы АКШда биткойнду виртуалдык валюта деп таанышат.

Кээ бир өлкөлөрдүн бийликтери биткойндорго таптакыр терс көз карашта. Кытайда банктардын криптовалютага байланышкан кандай гана операция болбосун жүргүзүүсүнө тыюу салынган, а Кыргызстанда ал валютага толугу менен тыюу салуу демилгелери көтөрүлгөн.

Крэйг Райт деген ким?

Крэйг Райт — биткойн-биржага, биткойн-капчыктарга жана ал төлөм жүргүзүү системасына байланышкан ишмердүүлүктөргө инвестиция салган австралиялык ишкер. Ошондой эле ал кеңири тематикадагы көптөгөн илимий макалалардын автору болуп эсептелет, анын эмгектеринин арасында криптовалютага байланыштуу макалалары да бар.

Крэйг Райт – биткойнду ойлоп тапкан адам болушу мүмкүн
Крэйг Райт – биткойнду ойлоп тапкан адам болушу мүмкүн.

Өткөн жылдын декабрында Wired жана Gizmodo басылмалары Крэйг Райт Сатаси Накомото деген адамдын атына жашырынып жүрөт жана биткойн-системанын ойлоп чыгаруучусу деген чечимге келген иликтөөсүн жарыялашкан. Бирок ал иликтөө материалдар жарыяланганга чейин көп убакыт мурда редактрланган электрондук каттар менен блогдордогу билдирүүлөргө гана негизделген. Иликтөө жарыялангандан көп өтпөй тинтүү иштерин жүргүзүү үчүн Райттыкына австралиялык полиция барган. Алар ал салыктарды төлөгөн эмес деп шектенишкен.  

Анда Райт ал айыптоолор боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан, бирок ушул жылдын мартында Financial Times басылмасы ал айып ача турган чоң билдирүү даярдап жатканын билдирген. Жыйынтыгында, 2-майда Райт түрдүү басылмаларга түшүндүрмөлөр менен интервьюлардын сериясын берип, чынында эле биткойндорду ойлоп чыгарганын билдирди.

Ал чынында эле биткойнду ойлоп чыгарганбы?

Азырынча анча түшүнүксүз. Көптөгөн басылмалар — мисалы, The Economist менен The Verge — андан шектенип жатышат. Журналисттердин айрымдары Райт биткойндордун ойлоп чыгаруучусу болгудай криптовалюталар тармагында жетишээрлик деңгээлде ишбилги эмес экенин билдирип жатышат. Башкалары айткандарынын далили катары Райт бөлүшкөн шифрлөө ачкычтарына 7 жыл болгонун жана алар эчак эле жараксыз болуп калганын аныктап чыгышкан.

Мунун ага эмне кереги бар?

Мунун бардыгынын Райттын өзүнө эмнеге керек экендиги анча түшүнүксүз, бирок биткойн-коомчулугу кандайдыр бир бириктирүү факторуна муктаж болуп турат. Акыркы жылдары биткойдондорго болгон суроо-талап өтө тездик менен өсүп жатат жана түйүн электрондук валютаны пайдаланууну каалагандардын мындай агымын көтөрө албай калууда. Учурда ар бир транзакция орточо эсеп менен 43 мүнөттө иштелип чыгат — бул интернет-төлөмдөр үчүн аябагандай эле узак убакыт.

Мындан улам азыр биткойн-иштеп чыгуучулар «классикалык» жана «борбордук» девелоперлер болуп эки жээкке бөлүнүшкөн. Криптовалютанын учурдагы көйгөйүн чечүү боюнча эки тараптын тең өз көз караштары бар. Бирок азырынча мындай мамиле өзгөчө деле ийгиликтерге жеткире элек.

Крэйг Райт — же башка каалаган күчтүү лидер — бул абалды чечип, учурда аракеттердин жаңы планына абдан суусап турган биткойн-коомчулугун бириктире алат беле деген ой жаралат.