Кичинекей кыз өзүнүн бабасынын (чоң атасынын атасы) өрттөлгөн денесинин күлү менен сүрөт тартып жаткан видео көркөм тасманын трейлери болуп чыкты. Ал видео социалдык түйүн колдонуучуларынын арасында түрдүү реакцияларды жараткан.

My Duck’s Vision студиясынын негиздөөчүсү Юрий Дегтярёв TJournal басылмасына курган маегинде кичинекей кыз өз бабасынын өрттөлгөн денесинин күлү менен сүрөт тартып жаткан видео «Прахдед» деген көркөм тасманын жарнамалык өнөктүгүнүн бөлүгү экенин билдирди.

Дегтярёвдун айтымында, видеону тартууда өрттөлгөн дененин күлүнүн ордуна «синтетикалык жасалма зат» пайдаланылган.

«Дегтярёв ал видео Аня башкы ролду аткарган хоррор жанрындагы тасманын жарнамалык өнөктүгүнүн башталышы экенин түшүндүрдү», — деп жазды TJournal.

10 жаштагы Аня аттуу кыз ардагер бабасы тууралуу анын өрттөлгөн денесинин күлү менен сүрөт тартып айтып берип жаткан «Менин бабам» деген видео YouTube видео-сервисине 3-майда жарыяланган.

Үч мүнөттүк ал видеодо кыз анын бабасы Сталинградды коргоодо кандай согушкандыгы тууралуу айтып берет. Окуяны сүрөттөп берүү үчүн кыз «кум графикасы» стилинде сүрөт тартып, ал үчүн өзүнүн бабасынын «өрттөлгөн денесинин күлүн» пайдаланат.

«Менин атым Аня, мен 10 жаштамын. Бир жыл мурда бабам каза болгон, азыр ал мына бул кутуда. Бул видеону мен ага арнап, анда анын жашоосу тууралуу айтып берем», — деген ал.

Соцтүйүн колдонуучуларынын реакциясы

Эки сутканын ичинде ал видеону 200 миңден ашык киши көрүүгө жетишкен. Орусиянын «Аргументы и факты» басылмасы билдиргендей, колдонуучулар видеонун төмөн жагына терс маанидеги, кыздын ата-энесин айыптаган пикирлерин калтырышкан.

Кийинчерээк ал пикирлер тосмолонгон, бирок соцтүйүн колдонуучулары видеону талкуулоону маалымат агенттиктеринин баракчаларында улантышкан. Анда пикир калтырган колдонуучулар экиге бөлүнүп калышкан — кызды колдогон жана аны айыптаган болуп.

«Чоң энесинин сөөктөрү менен барабан уруп СССРдин гимнин ойносо да болмок. Аягына чейин иштешпептир…», — деп жазган Макс Серебрянников деген колдонуучу.

Альбина Златогур аттуу колдонуучу тескерисинче, бардык адамдарды «стереотиптерден алыстоого» чакырган.

«Бизде, Америкада, адамдардын көбү сүйүктүүсүнүн өрттөлгөн денесинин күлү кошулган боектор менен тартылган сүрөттөргө тапшырык беришет. Сени жашоо каякка алып барбасын ал дайыма сени менен бирге болот», — деген пикирин калтырган ал.

Колдонуучулардын арасында видеонун чындык экенинен күмөн санагандар да болгон.

«Ооба, жеңиш деген ушундай. Ал парад эмес, же унаага байланган тасма эмес же сыра менен шашлык эмес. Ал өлүктөр, өрттөлгөн сөөктөр, суткасына 18 саат иштемей, ачкачылык, сасык жыт. Эске салып койгондугу үчүн кызга рахмат. Бирок бабасынын өрттөлгөн денесинин күлү жалган, ойдон чыгарылган болуш керек» , — деп жазган Евгений Евгений аттуу колдонуучу.