Kloop.kg Улуу Ата Мекендик согуштун аяктагандыгынын 71 жылдыгына карата анын катышуучусу болгон төрт кыргызстандыктын эскерүүсүн жарыялайт.

Иван Алексеевич Шерстюк, 1918-жылы туулган:

Иван Шерстюк армияга 1939-жылы, студент кезинде эле чакырылган. Армияга кетээр алдында ал үйлөнүп, үч суткадан кийин аны Өзбекстандын Төрткүл шаарынан Полтавага поезд менен алып кетишкен.

«Мен армияга 1939-жылы чакырылгам, бирок анда согуш баштала элек болчу. Бирок биз, аскерлер, согуштун жакында баштала тургандыгын билгенбиз. Анан чынында эле ошондой болуп чыкты», — деп эскерет ардагер.

Күндөрдүн биринде түн ичинде анын полкун куралсыз алдыңкы катарга жөнөтүшкөн.

«Немистер бизди аткылап жатышты, а бизде ата турган куралыбыз жок. Немистер орусча: «Багынгыла! Баары бир биз жеңебиз. Силерде биз тарапка өтүп бергенден башка жолуңар жок», деп кыйкырышты», — дейт Шерстюк.

Анын айтымында, алдыда болжол менен жүзгө жакын адамдан турган колонна катар тизилип басып баратышкан. Ар бир катарда ондон аскер болгон.

«А [аскерлердин] оң колунун жанына боо менен мылтыктар асылган. Колдорун көтөрүштү, а мылтыктар асылып турат. Анан жүз элүү, билким андан аз киши кетишти. Санаган эмесмин. Туткунга түшүп берүүгө кетишти. А мен аларга: «Иттин балдары! Силер каякка баратасыңар?! Алар деген немистер да!», деп кыйкыргам».

Василий Семенович Плесков, 1920-жылы туулган:

Василий Плесков Кызыл Армиянын катарына 1940-жылы кошулган. Улуу Ата Мекендик согуш маалында Байкал жээгиндеги фронтто, аткычтар батальонунун командири болуп согушка катышкан.

Ал баарынан да согушка барууну каалабагандар жакшы эсинде калганын айтты. Айрым аскерлер өлүп калбаш үчүн взоддон калып калууга аракет кылышкан.

«Аларды мекендин чыккынчылары катары дароо атып салышчу», — дейт ал.

Плесков армияда командирдин орун басары болуп жүргөндө аскерге жаңы алынган жоокерлердин тобу келген.

«Келсем фронтко барбаш үчүн алардын бирөөсү колун кесип салыптыр. Мына, ушундай окуя эсимде калган. Согушка баргылары келишкен эмес», — деди ардагер.

Плесковдун айтымында, дагы бир жоокер кызмат өтөбөө үчүн балыктын кылкандарын жеп алган:

«Кадимки эле балыктын кылкандары төгүлгөн жер. Ал ошол жерге барып кылкандарды жеп алыптыр. [...] Мына, менин эсиме ушундай учурлар түштү. Мен аларды дайыма эстеп турам, анткени адамдардын жакшы кылык-жоругунан сырткары жаман, жийиргеничтүү кылыктары да бар».

Анна Ивановна Гуцол, 1923-жылы туулган:

Sequence-01.00_04_09_05.Still001

Анна Гуцол — мурдагы аскердик медайым. Фронтко 18 жашында, медициналык окуу жайды аяктаары менен Челябинсктен чакырылган.

«Бизде аба ырайы жаман, баткак болчу да. [Поездге] кечигип калгам. Аскер комиссариатына барсам : «Сиз бир нече мүнөткө кечигип калдыңыз. Жаштар эшалону азыр гана кетип калды», дешти. Анан мен: «Эми мен эмне кылайын?» десем: «Бар, иштеңиз», дешти» , — деп эскерет ал.

Фронтко бара жаткан жолдо ал эшалон бомбалоого кабылган — андагы аскерлер каза болушкан.

Экинчи чакырууну ал 5 күндөн кийин алып, фронтко жөнөп кеткен. Анда аскердик медайым жана хирургдун жардамчысы болуп кызмат өтөгөн.

Анна Гуцол бейтаптар каза болгондо аябай кайгырчу. Ал алардын ар бирин аячу.

«Анда баары — кан дагы, өлүм дагы бар болгон. Чыдоого мүмкүн эмес болчу. Ар бири өзүнчө аянычтуу болот. Бир жолу менде бир бала — жаракаттан улам эмес — ооруп калып, каза болду. Ал да мен үчүн оор болгон. Ар бири өзүнчө аянычтуу болчу. Эмнегедир алардын баары менин эсимде. Алар азыр деле түн ичинде келишет».

Асек Урманбетович Урманбетов, 1923-жылы туулган:

Урманбетов 1942-жылы аскердик окуу жайды аяктап, 1943-жылдын апрелинде кенже лейтенант аскердик наамы менен фронтко кеткен.

Ал 19 жаш курагында №735 аткычтар полкунда взводдун командири болуп дайындалган.

Урманбетов 1943-жылдын май айынын башында Украинада кызмат өтөгөнүн айтты.

Ал нацисттер тарабынан басылып алынган шаарларды бошотууга катышып, лейтенант наамына ээ болгон.

Ардагер согуш жөнүндө кокустан угуп калганын айтты.

«Фашисттик Германиянын эскертүүсүз эле биздин чек арага чабуул койгонун радиодон угуп калганбыз», — дейт ал.

Күндөрдүн биринде Урманбетовдун отрядына түн ичинде эки пулеметтук чекитти «талкалоо» тапшырылган.

«Ал кезде бизге арак берчү эмес. Бирок ошол күнү аскерлерге күч кошуу үчүн бизге куюп беришкен», — деп эскерет ардагер.

Чабуул маалында ал пулеметтордун жааган огунун алдында алдыны көздөй жөрмөлөп барган.

«Мен бизди көздөй аткылап жаткан пулеметторго эки граната ыргыттым. Алар жарылды. Биз тапшырманы ушинтип түн ичинде аткарганбыз. Эгер мен пулеметту көздөй граната ыргытпаганда, бизде жоготуулар көп болмок», — деди ал.

Асек Урманбетов Советтик армиянын катарында көптөгөн улуттагы аскерлер кызмат өтөгөндүгүн жана жеңишке жетүүгө алардын биримдиги жардам бергенин айтты.

«Биз бири-бирибизге жардам берип, бири-бирибиздин кеңештерибизди укчубуз. Биздин жалпы максатыбыз фашисттерди жок кылуу болгон. Биз ал максатты аткардык».

Видео: Арсений Мамашев, Азамат Каработоев, Азат Рузиев