12-майда депутаттардын көбү коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы добуш беришти. Документти эми жарым жылдан кийин гана кароого мүмкүн.

Парламент коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун үчүнчү, акыркы окууда кабыл алган жок. Документтин кабыл алынышына каршы 65, колдоп 46 депутат добуш берди.

Социал-демократ Жанар Акаев мыйзам долбоору талкууланып жаткандагы сөзүндө эгер ал кабыл алынса, Кыргызстандын имиджине чоң зыян алып келе тургандыгын билдирди.

«Көптөгөн эл аралык уюмдар бизде каралып жаткан документке байланыштуу тынчсызданууларын билдирип жатышат, анткени алар биздин экономика тармагыбыздын өнүгүүсүнө жардам берип жатышат, биз алардын жардамына муктажбыз. Мыйзам долбоорунун демилгечилери Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев бизге ал жардамдарды бере алышпайт», — деди Жанар Акаев.

Анын партиялашы Галина Скрипкина документте «зыян келтирчү эч нерсе» жок экенин билдирди.

Парламенттин регламентине ылайык, кабыл алынбай калган мыйзам долбоору жарым жылдан кийин гана кайрадан каралышы мүмкүн.

11-майда укук коргоочулардын тобу коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл албоо талабы менен парламент имаратынын алдында митинг өткөрүшкөн.

Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоору

Анда депутаттар документтин өзгөртүлгөн версиясын карашты. Мыйзам долбоорундагы «саясий ишмердүүлүк» менен алектенген чет элдик жана кыргыз уюмдарын, ошондой эле чет өлкөлөрдөн каржыланган коммерциялык эмес уюмдарды киргизүү сунушталган «чет элдик тыңчы» аныктамасы алынып салынган.

Ошондой эле мыйзам долбоорунун мурдагы версиясы коммерциялык эмес уюмдарды Салык инспекциясы менен Социалдык фондго отчет берүүдөн сырткары Юстиция министрлигине да кошумча отчет берүүгө милдеттендирүүнү сунуштаган.

Документтин жаңыланган версиясы учурдагы коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзамды «чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар» деген аныктама менен толуктап, ал уюмдарга жыл сайын каржы-чарбалык ишмердүүлүгү тууралуу өз сайтына отчетторун жарыялап турууну сунуштайт.

Депутаттар башка мамлекеттин мыйзамдарына ылайык Кыргызстандын сыртында түзүлгөн жана уюмдаштыруучусу мамлекеттик органдар болбогон коммерциялык уюмдарды чет элдик деп атоону сунушташкан.