Кыргызстандын элдик-патриоттук кыймылынын лидери Нурлан Мотуев «Ислам мамлекетиндеги» можахеддердей жашоо керек» деген сөзү үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан кармалды.

«Террористтик мүнөздөгү чакырыктары» үчүн 13-май күнү кечинде Кыргызстандын Элдик-патриоттук кыймылынын лидери Нурлан Мотуев кармалды.

Бул тууралуу Kloop.kgге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Мотуев «Элдик парламенттин» 12-майдагы форумунда айткан сөздөрүнөн кийин кармалды. Анда оппозиционер Кыргызстан «Ислам мамлекетиндеги» можахеддердей жашашы керектигин» билдирген.

Буга чейин Мотуевдин өзү эл алдында Кыргызстанда тыюу салынган «Ислам мамлекети» террорчул уюмунун көз караштарын колдой тургандыгын бир канча жолу билдирген.

12-майда УКМКнын кызматкерлери тарабынан «Элдик парламенттин» өкүлдөрү Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев жана Марат Султанов кармалышкан. Алар «бийликти күч колдонуп басып алууга даярданышкан» деп шектелип жатышат.

Ошол эле күнү кечинде BulBul видеошэринг порталында оппозиционерлердин сүйлөшүүсү делген аудиожазуулар пайда болгон. Аларда болжол менен Талгарбековдун өз маектештерине алгач президенттин, андан кийин өкмөттүн отставкасына жетишүүгө аракет кыла тургандыктарын айтып жатканы жазылган.