Президент Алмазбек Атамбаев Атай Өмүрзаковдун бий тобунун Улуу Британияга барып келиши үчүн акча бөлдү. Анда «Тумар» тобу «Британия таланттарды издейт» телесынагынын жарым финалына катышат.

Президент бийчи Атай Өмүрзаков менен анын «Тумар» бий тобунун мүчөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу 16-майда президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматтын жетекчиси Алмаз Үсөновдун айтымында, мамлекет башчысы бийчилердин «Британия таланттарды издейт» сынагына катышуусу үчүн Улуу Британияга барып келүүсүнө акча бөлдү. Бирок жардам катары канча акча бөлүнгөнү белгисиз — басма сөз кызматтан ал боюнча маалымат берүүдөн баш тартышты.

Атамбаевдин өзү бийчилерге ыраазычылыгын билдирип, аларга ийгилик каалады. Ал топ азыркы бийлердин популярдуулугун арттырып, жаштардын ага болгон кызыгуусун жогорулатып жатканын айтты.

«Биздин өлкөбүздө өз чеберчилиги жана жаңы идеялары менен ар кандай аянтчаларда өлкөбүздү татыктуу көрсөтүп жүргөн таланттуу, күчтүү жаштарыбыз көп. Мен мындай жакшы жөрөлгөлөрдү ар дайым колдоп келгем жана мындан ары да колдойм», — деди президент.

Буга чейин Атай Өмүрзаков менен «Тумар» бий тобу популярдуу «Британия таланттарды издейт 2016» телесынагынын жарым финалына өтүшкөн.

Бийчилердин анда көрсөткөн номуру калыстар тобун таң калтырып, алар топту бир добуштан жарым финалга өткөрүшкөн. Шоунун жарым финалы майдын аягында болот.

Атай Өмүрзаков — Орусиянын «Минута славы» теледолбооруна катышып, экинчи орун алгандан кийин атактуулукка жеткен кыргыз бийчиси. 2011-жылы ал «Тумар» аталышындагы бий тобун түзгөн.

Бийчи Словакияда, Түркияда, Германияда, Украинада жана Францияда өткөн эл аралык сынактарда жогорку орундарга ээ болгон.