Кыргыз бийчиси Атай Өмүрзаков менен «Тумар» тобу «Британия таланттарды издейт» шоусунун кийинки баскычына өтүштү. Калыстар тобунун мүчөлөрү алардын аткарган номурун буга чейин көргөн «эң таң калычтуу нерселердин бири» деп аташты.

Атай Өмүрзаковдун жетекчилиги алдындагы Кыргызстандын «Тумар» бий тобу «Британия таланттарды издейт» телевизиондук шоусунун жарым финалына өттү.

Анда топ «Оркестр» деген аталыштагы номурун көрсөттү. Алардын аткаруусуна калыстар тобунун бардык мүчөлөрү тең «Ооба» дешти.

«Мен силердин адам экениңерге ишенбей турам», — деди Аманда Холден, бийчилердин ийилчээктигин белгилеп.

Калыстар тобунун мүчөлөрүнүн бири Дэвид Уолльямс «Тумардын» аткарган номурун «буга чейин көргөн нерселердин эң таң калычтууларынын бири» деп атады.

«Тумар» менен Атай Өмүрзаков «Британия таланттарды издейт» шоусуна чакырууну 2016-жылдын январында алышкан. Февралда бийчилер тандап алуу турунан өтүшүп, шоунун алгачкы кыргызстандык катышуучулары болуп калышкан.

Шоунун жарым финалы майдын аягында өтөт — ал бир канча бөлүктөн турат жана алардын жыйынтыгы менен финалисттер тандалып алынат.

«Британия таланттарды издейт» (Britain’s Got Talent) — 2007-жылдан бери ITV телеканалында көрсөтүлүп келе жаткан британ телешоусу. Анын шарттарына ылайык, тандалып алынган катышуучулар өнөрлөрүн көрсөтүү менен өз ара жарышка түшүшөт.

Атай Өмүрзаков — Орусиянын «Минута славы» теледолбооруна катышып, экинчи орун алгандан кийин атактуулукка жеткен кыргыз бийчиси. 2011-жылы ал «Тумар» аталышындагы бий тобун түзгөн.

Бийчи Словакияда, Түркияда, Германияда, Украинада жана Францияда өткөн эл аралык сынактарда жогорку орундарга ээ болгон.