«Элдик парламенттин» 17-майга белгиленген митинги «белгисиз убакка» чейин жылдырылды. Уюштуруучулар учурдагы бийликке каршы демонстрацияга миңдеген кишилерди чогултууну убадалашкан.

«Элдик парламенттин» өкүлдөрү президенттин отставкасын талап кылган митингин «белгисиз убакка» чейин жылдырышты. Бул тууралуу «Заноза» порталынын журналисттерине акциянын уюштуруучуларынын бири Александр Гусев билдирди.

Митинг 17-майда саат 10:00дө Жеңиш аянтында өтүшү керек болчу. Бирок белгиленген убакытта аянтка катышуучулардын эч кимиси келишкен жок.

Кечээ кыймылдын координаторлорунун бири Расул Умбеталиев «тынчтык акциясына» миңден ашык киши келе тургандыгын айткан.

Митингге кечигип келген Умбеталиев демонстрация «Элдик парламенттин» мүчөлөрү УКМКда суракта болгондуктан улам болбой калганын айтты.  

«Азыр биздин кыймылдын мүчөлөрүнүн көбү УКМКда. Ошондуктан бүгүн митинг болбой калды. Эл бизди колдоп жаткандыктан улам бийлик бизге каршы куралданууда», — деп жазды «Кабарлар» маалыматтык порталы Умбеталиевдин айткандарын.

«Элдик парламенттин» башкы талаптары президент Алмазбек Атамбаевдин отставкасы жана кыймылдын мүчөлөрүнүн бошотулушу бойдон калууда.

Кыймылдын лидерлери Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов жана Төрөбай Колубаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан 12-майда кармалышкан. Алар бийликти күч колдонуп басып алууга даярданышкан деп шектелип жатышат.

«Элдик парламент» 2016-жылдын башында түзүлгөн кыймыл, ал бир канча жолу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин кызматтан кетиши керектигин билдирген. Ошондой эле кыймылдын мүчөлөрү «Занозага» курган маектеринде алардын артында «орусиялык генералдар» турарын айтышкан.