ИИМ: «Элдик парламент» митинг катышуучуларына акча берген

Оппозициялык «Элдик парламент» кыймылы 17-майдагы митингдин катышуучуларына бир миң сомдон берген, деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.

18-майда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги оппозициялык «Элдик парламент» кыймылынын мүчөлөрү Атамбаевдин өз каалоосу менен отставкага кетишин талап кылган митингге катышуу үчүн адамдарга акча төлөгөндүктөрүн билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин айтымында, кыймылдын мүчөлөрү митингге «Элдик парламентке» тиешеси жок адамдарды чогултушуп, аларга 1000 сомдон төлөп берүүнү убадалашкан.

«Бир эле нерсени ырасташкан бир нече адам суракка алынды — алар митингге катышуу үчүн адамдарга акча сунуштагандыктарын айтышты. Алардын көбүнүн Москва жана Сокулук райондорундагы эмгек биржаларынан келгендиктери аныкталды. Алардын «Элдик парламентке» эч кандай тиешелери жок жана кыймылдын мүчөлөрү менен да туугандык жактан байланышы жок», — деди Осмонбаев Kloop.kgге курган маегинде.

Ал мекемеде шек саноолор болуп, анан митинчиледи милицияга алып барып суракка алгандыктарын кошумчалады.

«Катышуучулар маалыматтарды тактоо үчүн милиция бөлүмүнө алынып келинишкен. Анткени ИИМде аларга акча төлөп берүүнү убалагандыктан улам алар Жеңиш аянтында турушат деген шектенүүлөр болгон. Суракта ал маалыматтар ырасталды», — деди ал.

Оппозициялык активист Адил Турдукулов Kloop.kgге курган маегинде укук коргоо органдары негизсиз эле акча берүү фактысын жарыялабаш керек болгондугун билдирди.

«Биринчиден, акча берүү болгон деп ишенимдүү айтууга болбойт, анткени жазыксыздык жоромолу деген бар. Мен кайсыл бир көрсөтмөлөрдүн негизинде пропаганда кылбайт болчумун. ИИМдин объективдүү болушу керек болгон укук коргоо органы болуп туруп ушундай нерселер менен алектенип жатышы, алардын мыйзамдын сакчылары эмес, а учурдагы бийликке карата сын айткан кандай гана саясий күч болбосун аларга басым жасоонун ресурсу жана инструменти экенинин көрсөткүчү болууда», — деди ал.

Осмонбаев болсо милиция «коомго чындыкты айтты» деп эсептейт.

«Эгер моралдык жагынан алып карасак, анда бул анча жакшы эмес, анткени кимдир бирөө аларга (кыймылдын мүчөлөрүнө), алардын чындап эле митингге чыгып жаткандыктарына ишенген. Эми митингге акча берилгендиги аныкталып отурат. Адамдарды эмгек биржасынан алып келгендиктери күлкүнү келтирет. Биз ал жөнүндө коомго айтуубуз керек болду», — деп кошумчалады ал.

«Элдик парламент»

«Элдик парламент» кыймылы Кыргызстандын президети Алмазбек Атамбаевдин отставкага кетиши керектигин билдирип келген. Оппозиционерлер учурдагы бийликке каршы 17-майда митингге чыгууну пландашкан.

Апрелдин аягында кыймылдын лидери Бекболот Талгарбеков «Элдик парламент» Бишкектеги аянтка 20 миң киши чогулта тургандыгын расмий билдирген.

Бирок 12-майда кыймылдын лидерлеринин кармалып, бийликти күч колдонуп басып алууга даярдануу айыбы менен УКМКнын тергөө абагына камалганына байланыштуу митинг болбой калган.

Алардын бийликти басып алуу ниеттеринин далили делген оппозиционерлердин сүйлөшүүлөрү BulBul порталына 12-майда жарыяланган. Анда болжол менен Талгарбеков өз маектештерине президенттин, андан кийин өкмөттүн отставкасына жетишүүгө аракет кылып жаткандыктарын билдирген.

Азырынча ал билдирүүлөрдүн аныктыгы ырастала элек. 16-майда «Элдик парламенттин» мүчөсү Расул Умбеталиев аудиожазуунун атайын кызматтагылар тарабынан даярдалган «монтаж» экенин билдирген.