Кыргызстандын түштүгүндөгү Базар-Коргон айылынын борбордук «Жаркынай» базары 22-майда өрттөнүп кетти. Болжолдуу маалыматтар боюнча, каза болгон жана жабыркагандар жок.

Базар-Коргон айылынын борбордук «Жаркынай» базарында өрт 22-майда болгон. ӨКМдин маалыматы боюнча, өрттөнгөн жердин аянты эки миң чарчы метрди же бул базардын жалпы аянтынын 70 пайызын түзгөн.

ӨКМ кызматкери Нурлан Ташмамбетов Kloop.kgге курган маегинде өрт тууралуу билдирүү аларга 22-майдан 23-майга караган түнү келип түшкөнүн билдирди.

«Өрт тууралуу билдирүү 23-майга караган түнү саат 23:51де келип түштү. Өрттү толугу менен саат 3:20га карата гана өчүрүп бүтүүгө мүмкүн болду. Ал жакта төрт өрт өчүрүү тобу иштеди», — деди ал.

Ал өрт болгон маалда базар жабык болгондуктан эч ким жабыркабаганын кошумчалады.

Учурда кырсык болгон жерде өрттүн келип чыгуу себептерин иликтөө жана келтирилген материалдык чыгымдын көлөмүн аныктоо боюнча комиссия иштеп жатат.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, базар элдик керектөөдөгү товарларды сатуу менен алектенген 500гө жакын адамды жумуш орундары менен камсыз кылып келген.

Ушундай эле өрт Лейлек районунун Исфана шаарында 18-майдан 19-майга караган түнү болгон. Анда да базарда иштеген миңге жакын адамдын товарлары өрттөнүп кеткен. Жергиликтүү жашоочулардын айтымдарында, базарда азык-түлүктөрдөн тарта курулуш материалдарына чейинки бардык товарлар сатылган.