Аналитикалык Business Insider порталы эл аралык Mercer консалтинг компаниясынын отчетторунун негизинде дүйнөнүн эң начар 33 шаарынын тизмесин түздү. Анда Кыргызстандын борбору Ташкент менен Ашхабадды артта калтырып, 21-орунга жайгаштырылган.
Аналитикалык Business Insider порталынын версиясы боюнча, Бишкек жашоо деңгээли төмөн болгон дүйнөнүн 33 начар шаарынын тизмесине кирди. Басылма рейтингди эл аралык Mercer консалтинг компаниясы тарабынан түзүлгөн отчеттун негизинде 21-майда жарыялады.
Mercer эл аралык уюмдар менен компаниялар түрдүү өлкөлөрдө иштеген кызматкерлери үчүн төлөнчү айлыктардын өлчөмүн аныктап алсын деп жыл сайын шаарлардын рейтингин түзүп келет.
Кыргызстандын борбору рейтингде 21-сапка жазылып, Африканын Хараре (Зимбабве) жана Абуджей (Нигерия) шаарларынын ортосуна жайгашкан. Бишкек анда Ташкент (Өзбекстан) менен Ашхабадды (Түркмөнстан) артка калтырган.
Материалда Кыргызстандын экономикалык борборлорунда кедейчиликтин деңгээли жогору экени, а өкмөт «Ислам мамлекетине» каршы узакка созулган күрөш жүргүзүп жатканы» көрсөтүлгөн.
Коңшу Ташкент жөнүндө Business Insiderдин аналитиктери Өзбекстандын борбору «терроризмдин булагы болуп калганын жана өкмөт ислам экстремизминин өсүүсүнө каршы күрөшүүгө аракет кылып жатканын» жазган.
Негизинен «начар» өлкөлөрдүн тизмесине Африка континентиндеги борборлор менен шаарлар, ошондой эле куралдуу кагылышуулар болуп жаткан өлкөлөрдүн борборлору киргизилген. Рейтингдин сап башына Багдад (Ирак), Банги (Борбордукафрикалык республика) жана Сана (Йемен) шаарлары жайгаштырылган.
Басылманын маалыматына ылайык, рейтингди түзүүдө социалдык, саясий, экономикалык жана маданий факторлор эске алынган. Аналитиктер кылмыштуулуктун деңгээлине, бош убакытты өткөрүүнү уюштурууга жана жашоого керектүү болгон керектөөчү товарлардын бар экендигине көңүл бурушкан.
Business Insider өз рейтингдерине Кыргызстанды биринчи жолу киргизбей эле. Буга чейин портал Кыргызстанды 2016-жылы барып келүү керек болгон 12 өнүгүп келе жаткан туристтик багыттардын тизмесине кошкон.