Оштун жашоочусу Юлдуз Байбабаева алты жылдан бери автоунааларды оңдойт. Алгач ал атасына жардам берчү, бирок бир канча убакыттан кийин анын кызыгуусу өнөргө айланган.

Оштун 17 жаштагы тургуну Юлдуз Байбабаева унааларды оңдоо менен 11 жашында алектенип баштаган. Алгач атасына жардам берип келген, бирок акырындык менен анын кызыгуусу өнөргө айланган.

Юлдуз Оштун айдоочулары көп барган атасынын унаа оңдоо жайында иштейт. Анын айтымында, кардарлар кыздын унаа оңдоо менен алектене турганын билгенде «уккан кулактарына ишенишпейт».

«Качан мен оңдой турганымды айтканда алар ишенишпейт. «Оңдоо үчүн унаабызды сага бербейбиз, биз сага ишенбейбиз. Сен кантип унааларды оңдомок элең, сен кызсың да?», деп айтышат» — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Айдоочу Талип Хасаев унаасын оңдотууга дайыма Юлдузга алып келет жана аны жакшы адис деп эсептейт.

«Мен унаамды оңдотууга бул жакка дайыма келем. Мына, үчүнчү жолу келип атам. Ал унааларды жакшы оңдойт», — деди ал.

Юлдуздун ата-энеси ага тоскоолдук кылышпайт, бирок «эркектин жумушу» үй-бүлө курууну оорлотушу мүмкүн деп эсептешет. Кыздын өзү «жумушту аялдыкы жана эркектики деп бөлөө керектигин» айтты.

Тема боюнча: Видео: Заводдо ширетүүчү жана металл кесүүчү болуп иштеген аялдар

«Алар: «Сени кимге күйөөгө беребиз? Ар бир адамдын жашоосунда түгөйү болушу керек» дешет. Мен аларга эч нерсе деп жооп бербестен иштей берем. А ал сөздөргө кимдир бирөө күлсө мен аларга көңүл бурбайм. Тигүүчү, ашпозчу болуп иштеп жаткан эркек балдар деле бар го, биз аларга эч нерсе дебей элебиз», — деди Юлдуз.

Ал адам эмнени кааласа ошону менен алектениши керектигин кошумчалады. Кыз жумуш жок деп даттанган жаштарга таң калат.

«Эгер эмгектенсе бардык нерсени кылууга болот. Азырынча мен үйдөмүн, бирок жумуш жок деп айта албайм. Атам жокто аны алмаштырып иштейм. Бирок ага өзүм да кызыгам. Негизи эле адамдын кандайдыр бир кызыгуусу болуш керек. Качан каалоо менен кызыгуу жок болгондо ал ишсиз жүрө берет да жумуш жоктугун айтат. А жумуш деген дайыма бар», — деп эсептейт ал.

Үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу Юлдуз азырынча жогорку окуу жайында билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес, бирок математика жана физика мугалими кесиби жөнүндө кыялданат. Бош убактарында ал вокал менен алектенет жана азыркы убакка чейин бир нече ыр жаздырууга жетишип, аларды соцтүйүндөргө жайгаштырган.