Эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» бейөкмөт уюму Казакстанда жерлердин чет өлкөлүктөргө берилишине каршы өткөн митингдерди чагылдырып жүргөн журналисттердин кармалышын айыптады.

21-майда өткөн жер реформасына байланышкан митингдер маалында Казакстанда журналисттердин кармалышы эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» уюму тарабынан терс реакцияны жаратты.

Өзүнүн расмий билдирүүсүндө уюм журналисттердин кармалышын «репрессия» деп атап, казак бийлигинин ал аракеттерин сынга алды.

«Чек арасыз кабарчылар (RSF) өкмөттүн агрардык реформасынын жаңы мыйзамдарына каршы 21-майдагы нааразычылык акциялары маалында Казакстанда журналисттердин кармалышын айыптайт. Аларды кармоо өлкөнүн бардык аймактарында болду. Бул ички иштер министринин четке кагып жатканына карабастан ал аракеттердин координацияланганын билдирет», — деп жазды уюм.

«Чек арасыз кабарчылардын» Чыгыш Европа жана Борбордук Азиядагы өкүлү Иоганн Бирдин пикиринде, журналисттердин кармалышын өкмөт тарабынан «коркутуу» катары баалоого болот.

«Репрессия машинасы Казакстанда өз кыймылын кайрадан баштады. Бул жарандарынын нааразычылыктарынын өсүүсүнөн кооптонуп жаткан өкмөт тарабынан жасалган коркутуу актысы», — деп билдирди ал.

Казакстандын ИИМинин административдик полиция комитетинин төрагасы Игорь Лепеха укук коргоо органдары журналисттерди «атайылап» кармашкан эмес деп эсептейт. Анын пикиринде, кармоолор — бул сөз эркиндигин чектөө эмес, а «жаңылыштык».

«Ооба, тилекке каршы алардын (кармалгандардын) арасында журналисттер да болушкан, бирок мен алардын атайын кармалбагандыктарына ишенем. Жөн гана жаңылыштык болуп калган. Биз кызматкерлерибиздин аракеттерин анализдеп, мындан кийин бул сыяктуу окуялардын болбошу үчүн чараларды көрөбүз», — деп билдирди ал 23-майда Астанада өткөн брифинг маалында.

Буга чейин «Чек арасыз кабарчылар» маалымат каражаттарынын эркиндик деңгээли боюнча рейтингинде Казакстанды 160-орунга жайгаштырган. Уюм өлкөдө цензуранын деңгээли жогору, а бийлик оппозициялык басылмалардын чыгышына тыюу салуу менен байланыш каналдарын көзөмөлдөп турат деп эсептейт.

Журналисттердин кармалышы

Казак полициясы Жер кодексине өзгөртүүлөрдүн киргизилишине каршы митингдер менен нааразычылык акцияларынын өткөрүлүшүнө жол бербөө үчүн 21-майда өлкөнүн бир нече шаарында жарандык активисттерди кармаган.

Полиция митингге чыккандардан сырткары окуяны чагылдырып жүргөн журналисттерди да кармаган. Алардын арасында «Vlast.kz» аналитикалык порталынын директору, «Интерфакс-Казахстан», «Новости-Казахстан», ИТАР-ТАСС, «Новая газета — Казахстан» жана Reuters агенттиктеринин кабарчылары бар болушкан.

Adilsoz сөз эркиндигин коргоо фондунун маалыматы боюнча, Казакстандын укук коргоо органдары жалпысынан 55 журналистти кармашкан.

Соавтор: Александра Титова
Сүрөт: Today.kz