21-майда Казакстандын укук коргоо органдары жер реформаларына байланыштуу мыйзамсыз митингдерди уюштуруу үчүн 40ка жакын кишини кармап кетишти. Кармалгандар административдик жоопкерчиликке тартылышат. Өлкөдө соцтүйүндөр тосмолонду.

21-майда Казакстандын түрдүү аймактарында уруксат берилбеген митингдерди уюштуруу үчүн 40ка чукул киши кармалды. Бул тууралуу «Новости – Казахстан» басылмасы жазууда.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген алматылык журналист атайын багыттагы аскер кызматкерлеринин демонстрация катышуучуларын кармап жаткандыктарын видеого тартып алган.

Булак Казакстанда Facebook социалдык түйүнү, Telegram мэссенджери жана YouTube видеосервиси тосмолонгондугун билдирди.

Анын айтымында, митинг күндүзгү саат үчтө аяктады.

Өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Адрей Кравченко Орусиянын «ТАСС» агенттигине курган маегинде кармалгандар административдик жоопкерчиликке тартыла тургандыктарын билдирди. Анын айтымында, буга чейин активисттер социалдык түйүндөр аркылуу митингге чыгуу чакырыктарын таратышкан.

«Бүгүнкү күнгө карата 40ка жакын киши административдик жоопкерчиликке тартылат. Дал ушунча сандагы адам жөнүндө кеп болуп жатканын баса белгилегим келүүдө, антпесе интернетте 400-500 жаран деген ушактар айтылып жүрөт, чынында андай эмес», — деп билдирди ал.

«Азаттык» радиосунун казак кызматы аянт полиция тарабынан курчоого алынганын, а имараттардын чатырларында көзгөатарлар тургандыктарын билдирди.

Бир күн мурда Казакстандын укук коргоо органдары жерлердин чет өлкөлүктөргө берилишине каршы митингдерди өткөрүү чакырыктары үчүн жарандык активисттер менен социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларын кармашкан. Кармалгандар «Тынч чогулуштарды өткөрүү жана уюштуруу тартиби тууралуу» мыйзамды бузууга айыпталып жатышат.

Казакстанда нааразычылык акциялар 24-апрелде башталган.

Алгачкы митинг өлкөнүн Атырау шаарында болгон. Жарандардын нааразычылыгына Казакстандын Жер кодексине киргизилген өзгөртүүлөр себеп болгон. Алардын пикирлеринде, ал өзгөртүүлөр чет өлкөлүктөрдүн жер аянттарын сатып алуусуна мүмкүндүк берет.

Казак ЖМКлары шаардын борбордук аянтына 700гө чукул киши чогулуп, жергиликтүү бийликтен алардын талаптарын өкмөт менен парламентке жеткирүүнү талап кылышкандыктарын билдиришкен.

Бир нече күндөн кийин, 1-майда майрамдалган Элдердин биримдиги күнүн белгилөө маалында казак жерлеринин сатылышына каршы болгондор Кызыл-Ордо жана Жаңы-Өзөндө нааразычылык акциясына чыгышкан. Анда полиция митингчилерди кармап, аянттан алып кеткен.

«ТенгриНьюз» агенттигинин маалыматы боюнча, 2016-жылдын июлунан тарта Казакстандын аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди аукциондордо сатып алууга болот.

Казак бийлигинин пикиринде, жерге байланышкан нааразычылыктар «сырткы күчтөрдүн» «өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу» каалоосунан улам келип чыккан. Майдын башында казак биринчи каналы митингдерге атайын эфир арнап, башаламандыктарга Казакстандын позициясынын эл аралык аренада бекемделиши болгонун түшүндүргөн.

Казакстандын улуттук экономика министринин биринчи орун басары Кайрбек Ускенбаев айыл чарба багытындагы жерлер чет өлкөлүк жарандарга жеке менчикке берилбестигин билдирген.

Сүрөт: «Тенгриньюз»/Николай Колесников