Президент Алмазбек Атамбаев буга чейин Бишкек шаардык ИИББсинин башчысы кызматын ээлеп келген Кашкар Жунушаливди ички иштер министри кылып дайындады.

Бишкек шаардык ИИББсинин башчысы Кашкар Жунушалиев ички иштер министри болуп дайындалды. Аны дайындоо тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 2-июнда кол койду. Буга чейин анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин 105 депутаты жактырган.

Министрлик кызматка дайындалганга чейин Жунушалиев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгын жетектеп келген. Негизинен анын эмгек жолу укук коргоо органдарынын райондук жана облустук бөлүмдөрүнө байланыштуу болгон.

Расмий маалыматка ылайык, ал милициянын генерал-майору наамына ээ.

Жаңы министр өз каалоосу менен 30-июнда кызматтан кеткен Мелис Турганбаевдин ордуна дайындалды. Мурдагы министр өзүнүн отставкасын эс алуу каалоосу менен түшүндүргөн. Турганбаевдин айтымында, анын кызматтан кетиши саясат менен байланыштуу эмес.

«Министрлик мага чейин да иштеген, менден кийин да иштей берет. Азырынча менде эч кандай пландар жок. Эс алам. Чынын айтканда, 2010-жылдан бери эмгек өргүүсүндө болбой, 6 жыл иштептирмин. Эс алып, үй-бүлөмө көңүл бурам» , — деп билдирген ал «Азаттык» радиосуна курган маегинде.

Материал жарыяланып жаткан маалга карата Кашкар Жунушалиев менен байланышууга мүмкүн болгон жок. ИИМдин басма сөз кызматынан Kloop.kgге түшүндүрмө бере албай тургандыктарын билдиришти.