КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммитинен улам Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн жабылышы көп сандаган унаа тыгындарын жаратты. Жогорку кызматтагы чиновниктердин жолугушуулары 7-июнга чейин созулат.

Кыргыз бийлиги КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммитине байланыштуу Бишкектин борбордук көчөлөрүн жапты.

Бишкек милициясынын маалыматы боюнча, 6-7-июнь күндөрү борбордун башкы проспектилери эсептелген Манас менен Чүй жабылат. Ошондой эле Жибек Жолу, Жаш гвардия, Ахунбаев, Масалиев, Лев Толстой жана Фучик көчөлөрүндө унаа кыймылы убактылуу токтотулат.

Kloop.kgнин кабарчылары Киев көчөсүндөгү 250гө жакын унаадан турган тыгынды видеого тартышты. Ал Үмөталиев көчөсүнөн Манас проспектисине чейин созулган.

Бишкек шаардык ИИББсинин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев Kloop.kgге көчөлөр беш мүнөттөн он мүнөткө чейинки убакытка гана созуларын жана шаардыктарга көпкө күтүүгө туура келбестигин айтты.

«Алар (саммиттин катышуучулары) — коноктор, биз аларды сыйлашыбыз керек, эки күн чыдап коелу, а конокторду жогорку деңгээлде тосуп алабыз», — деди ал.

Бирок бишкектиктердин өзүлөрү унаа тыгындарын ар түрдүүчө кабыл алып жатышат. «Фэйсбук» социалдык түйүнүнүн Азамат Оморов аттуу колдонуучусу көчөлөрдүн жабылышы унаа кыймылына тоскоолдук жаратып жатат деп эсептейт.

«Азыр мен Лев Толстой — Белинкадагы (Тынчтык проспектиси) тыгында турам. Көпүрөнү эмнеге тосушат? Биз Белинкадагы кыймылга тоскоолдук кылбай элебиз да!» — деп жазды ал.

Бишкектин тургуну Нурсултан Садырбековдун пикиринде, көчөлөрдү жабуу зарылдык, анткени кабыл алып жаткан тарап коноктордун «коопсуздугу» менен «тоскоолдуксуз жылып жүрүүлөрүн» камсыз кылып бериши керек.

«Коноктор да, мамлекеттердин экинчи адамдары. Алар менен бир нерсе болуп кетсе чоң чуу чыгат, ал өлкөгө чоң сокку болот. Биздин башчыларыбыз мындай иш-чараларга барганда ал жактарда деле ушундай болот. Келгиле, түшүнүү менен мамиле кылалы», — деп жазды Садырбеков.

Видео: Дмитрий Мотинов менен Азат Рузиев