7-июнда Кыргызстандын Маданият министрлиги Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюм менен келишимге кол койду. Ага ылайык, уюм өлкодөгү туризмди өнүктүрүүгө гранттарды бөлүп берип баштайт.

Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюм (UNWTO) Кыргызстанга гранттарды бөлүп берип, туризм тармагында эмгектенген кызматкерлердин квалификациясын жогорулатып баштайт.

Мындай келищимге 7-июнда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен UNWTO ортосунда кол коюлду. Туризм департаментинин маалыматы боюнча, Кыргызстан өз кезегинде Орусияга, Кытайга жана Индияга болгон аба каттамдарын кеңейтип баштайт.

Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов Kloop.kgге Кыргызстан 1993-жылдан бери уюмдун мүчөсү болуп эсептеле тургандыгын, бирок ай сайын төлөнчү мүчөлүк акыны төлөбөгөндүгү үчүн өлкө анын толук укуктуу мүчөсү боло албай келгенин билдирди.

Анын айтымында, туристтик уюм 500 миң АКШ долларын түзгөн карызды төлөө мөөнөтүн 2017-жылга чейин узартуу чечимине келди.

«Туристтик тармакты өнүктүрүү үчүн бизге мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акча жетпейт. Уюмдун гранттары туризмди өнүктүрүү боюнча долбоорлор үчүн бюджетти толтурат. Эми биздин гиддер эл аралык стандарттар боюнча окушуп, конференциялар жана тренингдерге катышуу менен өз жөндөмдүүлүктөрүн жакшыртышат», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Kyrgyz Concept туристтик компаниясынын президенти Эмил Үмөталиев уюмдагы мүчөлүк өлкөгө «чоң деле пайда» алып келбейт деп эсептейт.

«Түз пайдалары болбойт, бирок айрым жакшы жактары бар. Мүчөлүк эл аралык таанууну, репутацияны, дипломатияны берет. Мунун баары маанилүү, бирок алардын баарын пайдалана билүү андан да маанилүүрөөк. Албетте, биздин гиддерди окутуу керек, болгондо да өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасына», — деди ал.

GLAVTOUR туристтик агенттигинин өкүлү Канат Өмүркулов Kloop.kgге курган маегинде уюмдагы мүчөлүк туристтер үчүн өлкөнүн жагымдуулугун арттыра турганын айтты.

«Мамлекеттин туризмдин өнүгүүсүнө демилге берип жатканына кубанычтамын. Ал уюм тейлөө сервиси боюнча гана эмес, а жолдордун, аба майдандардын абалдары боюнча да өлкөлөрдүн рейтингин түзөт. Ошондуктан мамлекет ал параметрлерге туура келиши керек», — деди ал.

Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюм (UNWTO) туристтик тармакты изилдейт, белгилүү бир аймактын көйгөйлөрүн ачып көрсөтүп, туристтик борбордун өнүгүүсүнүн стратегиясын аныктайт. Ал ошондой эле туроператорлорду окутуу менен алектенет. Учурда уюмга 156 өлкө мүчө.

Уюм жыл сайын өнүгүп келе жаткан туристтик багыттардын рейтингин түзөт. Кыргызстан жакынкы жылдары туристтердин агымы күтүлүп жаткан өлкөлөрдүн акыркы рейтингинин сап башына жазылган.

Сүрөт: K-News