Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) депутаттарды «диндин душмандары» деп атагандыгы үчүн мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловго расмий эскертүү берди.

УКМК мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун эл өкүлдөрүн «диндин душманы» деп атап, парламент депутаттарынын дарегине айткан сөздөрүнүн ыксыз болгонун билдирди.

Жалилов билдирүүсүн парламент комитети жума намазы үчүн түшкү тыныгууну узартуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактыруудан баш тарткандан кийин жасаган.

«2016-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын УКМК органдары тарабынан 1975-жылы туулган, Чүй облусунда жашап жаткан диний ишмер Жалилов Чубак Тажыбаевичке карата расмий эскертүү жарыяланды», — деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Тема боюнча: Экс-муфтий жума намазы жөнүндөгү мыйзамды четке каккан депутаттарды «дин душманы» деп атады

Жалилов депутаттар мыйзам долбоорун кабыл алуудан баш тартуу менен «динге тоскоолдук кылып жатышат» деп эсептеген.

«Мен, Чубак ажы Жалилов мыйзамдын долбоорун колдобогон депутаттар менен бир дасторкондо отурбайм, аларга кол берип саламдашпайм, алардын жаназасына турбайм, алар катышкан шайлоолордо добуш бербейм», — деп жазган ал «Фэйсбуктагы» баракчасына.

Өз билдирүүсүн мурдагы муфтий «эркин жана демократиялык өлкөнүн жараны катары» жеке пикирин билдирип жатканы менен түшүндүргөн.

КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаев Жалиловдун айткандарына жооп катары депутаттар жөнүндөгү ажынын пикирин «экстремизм» катары бааласа болорун билдирген.

«Жума намазды окуганга мен эч качан каршы болбойм, тескерисинче, намазга жыгылган, ыйманга келген жарандарыбыздын көбөйгөнү баарыбыз үчүн жакшы […]. Тиги Чубак Жалиловдун мыйзамды колдобогон депутаттарга жаназа окулбасын, андай болбосун, мындай болбосун деген радикалдуу пикирлери-бул ЭКСТРЕМИЗМ, ТАКФИРИЗМ! Эгер ал бүгүн депутаттарды диндин каршылаштары деп атап жатса, анда анын кийинки кадамы кандай болот?» — деп жазган ал «Фэйсбуктагы» баракчасына.

Авторлор: Эльдияр Арыкбаев, Айжамал Мураталиева