Президент Алмазбек Атамбаев мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов менен болгон талашта светтик өлкөнүн тарапташтарын колдоду. Буга чейин Жалилов жума намазы үчүн түшкү тыныгууну узартуу жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршы добуш берген депутаттарды «диндин душмандары» деп атаган.

10-июнда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев депутат Жанар Акаевди, муфтий Максат ажы Токтомушевди, журналист Алия Суранованы, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовду жана диний эксперт Нурлан Исмаиловду кабыл алды.

Жолугушуу мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов менен өлкөнүн светтик мүнөзүнүн тарапташтарынын ортосундагы талаш-тартыштын контекстинде өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Атамбаев мамлекеттин светтик мүнөзүнүн конституциялык принцибин бузуу жол берилгис экенин билдирди.

«Кыргызстанда ар ким өз ой-пикирин ачык айтууга укуктуу, бирок диний ишмерлердин саясатка кийлигишүүсүнө эч жол берүүгө болбойт. Акыркы демилгеге байланыштуу талкуулар маалында сезимди козгогон диний чакырыктар айрыкча ыйык Орозо айында жол берилгис», — деди өлкө башчысы.

Президенттин пикиринде, Кыргызстанда дин тутуу эркиндигинин принцибин ишке ашыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

«Башка бардык конфессиялардын өкүлдөрү сыяктуу эле мусулмандар өз динин эркин тута алышат. Жума намазга жыгылууга тоскоолдук кылды деп ким бирөөнүн арызданганы боюнча өлкөдө бир да окуя катталган эмес», — деди Атамбаев.

Өлкө башчысынын пикиринде, диний догмаларды сокурлук менен ээрчүүнүн арты «Ислам мамлекетине» алып барышы мүмкүн. Президент диний чөйрөдө «таңуулоолор жол берилгис» экенин жана «одоно тыюу салуулар да жакшылыкка алып келбестигин» айтты.

Журналист Алия Суранова Kloop.kgге жолугушуу көбүнчө сунуштоо мүнөзүнө ээ болгонун билдирди. Анын айтымында, Атамбаев мамлекеттин «светтүүлүгүн жактагандыгы» жана «мыйзам долбооруна эстүүлүк менен карагандыгы» үчүн Жанар Акаевди мактады.

«Президент муфтийге мусулмандар арасында активдүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларды толеранттуулукка, сабырдуулукка чакырып, радикалдашууга азгырылбоосун айтуусун сунуштады», — деди журналист.

«Диндин душмандары»

Буга чейин мурдагы муфтий жума намазы үчүн түшкү тыныгууну узартуу жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршы добуш берген депутаттарды «диндин душмандары» деп атаган.

«Мен, Чубак ажы Жалилов мыйзамдын долбоорун колдобогон депутаттар менен бир дасторкондо отурбайм, аларга кол берип саламдашпайм, алардын жаназасына турбайм, алар катышкан шайлоолордо добуш бербейм», — деп жазган ал «Фэйсбуктагы» баракчасына.

Анын айткандары активисттер менен парламентарийлердин өзүлөрү тарабынан нааразычылыктарды жараткан — депутат Жанар Акаев мурдагы муфтийди «экстремизмге» айыптаган.

«Жума намазды окуганга мен эч качан каршы болбойм, тескерисинче, намазга жыгылган, ыйманга келген жарандарыбыздын көбөйгөнү баарыбыз үчүн жакшы […]. Тиги Чубак Жалиловдун мыйзамды колдобогон депутаттарга жаназа окулбасын, андай болбосун, мындай болбосун деген радикалдуу пикирлери-бул ЭКСТРЕМИЗМ, ТАКФИРИЗМ! Эгер ал бүгүн депутаттарды диндин каршылаштары деп атап жатса, анда анын кийинки кадамы кандай болот?» — деп жазган ал «Фэйсбуктагы» баракчасына.

Кечээ Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет депутаттарды «диндин душмандары» деп атагандыгы үчүн Чубак ажы Жалиловго расмий эскертүү берген. УКМК экс-муфтийдин эл өкүлдөрүнүн дарегине айткан сөздөрүн «ыксыз» деп атаган.