Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Дастан Сарыгуловду «бийликти күч колдонуп басып алууга даярданган» деген шек менен кармады. Ал убактылуу кармоочу жайга камалды.

1992-жылдан 1997-жылга чейин «Кыргызалтындын» директору болуп иштеген Дастан Сарыгулов 13-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери тарабынан кармалды. Ал «бийликти күч колдонуп басып алууга даярданган» деп шектелүүдө.

Сарыгулов ушул жылдын мартында митинг уюштурууда «бийликти күч колдонуп басып алуу аракети» үчүн кармалган оппозиционерлер Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановдун ишиндеги жаңы ачылган жагдайлар боюнча кармалды.

УКМК Кыргызстандагы абалды «туруксуздаштыруу аракеттерин» Кыргызстан акцияларынын үчтөн бирине ээлик кылган канадалык «Центерра» ишканасыни таандык «Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясынын ишмердүүлүгүнүн иликтенишине байланыштырууда.

«Кумтөр» долбоорундагы коррупция фактыларды иликтөө маалында тергөө коррупциялык схемалардын уюштуруучулары — мурдагы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин айланасындагылар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү тараптан бир катар каршылыктарга дуушар болду», — деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Сарыгуловду кармоого «Кумтөр», «Камеко» жана «Центерра» компанияларынын мурдагы президенти Леонард Хоменюктун каты дагы негиз болгон — ал башкы прокурорго жолдогон кайрылуусунда 2000-жылдары Акаевдин үй-бүлөсүнүн жакындары тараптан акча талап кылуулар болгондугу жөнүндө жазган.

«Каражт түрдүү максаттар үчүн суралган, алардын ичинде шайлоо өткөрүү, Каржы министрлигине пландалбаган жана кошумча төлөмдөрдү төлөө, ар түрдүү облустук жана мамлекеттик фонддорду колдоолор бар. Кез-кезде кыйла көп акча суралып, алардын суммасы айына 200 миң долларга чейин жетчү», — деп жазган Хоменюк өз катында.

Анын айтымында, Сарыгулов менен «Кыргызалтындын» мурдагы менеджери Камчыбек Кудайбергенов акча бөлүп берүү өтүнүчтөрүн президенттин администрациясы тараптан басым жасоолор менен түшүндүрүшкөн.

«Камеко» компаниясынын жетекчилиги менен «Центерранын» директорлор кеңеши консультанттардын катышуусу менен бул маселенин бардыгын тең карап чыгышкан. Хоменюк аталган компаниянын менеджерлеринин макулдугу менен акча туңгуч президенттин жубайы Майрам Акаева жетектеген «Мээрим» фондуна төлөнүп берилип турганын жазган.

«Компаниялар дайыма түрдүү талаптарга кабылып турган, бирок «Кумтөр» долбоору эч үзгүлтүксүз иштеп, көбүнчө кыргыз бийлиги тараптан анчалык чоң басым жасоолорсуз ишин уланта берген. Балким ал «Камеко» менен «Кумтөр» төлөгөн айрым акча каражаттарынын мыйзамдуу түрдө Кыргыз Республикасында, анын ичинде «Кыргызалтын» мамлекеттик концерни тарабынан белгиленген максаттарда эмес пайдаланылгандыгы фактысынын жыйынтыгы болсо керек», — деп жазган Хоменюк өз катында.