Бишкектин жашоочусу Азамат Жаналиев жиптин жана мыктардын жардамы менен кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн тартты. Ал стринг-артты жаратууга 10 күн убактысын короткон.

Кыргызстанды айланган велотурлары менен белгилүү Азамат Жаналиев Чыңгыз Айтматовдун узундугу 2,5 жана туурасы 1,5 метрди түзгөн сүрөтүн тартты. Жаналиев Kloop.kgге курган маегинде өз эмгегин өлкөдөгү тарых жана маданият жылына арнаганын айтты.

«Мен Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн тарттым, анткени атабыз Чыңгыз Кыргызстаныбызды дүйнөгө тааныткан. Качан кеп Чыңгыз жөнүндө болгондо кыргыз деп түшүнөбүз, а кыргыз жөнүндө сөз болгондо Чыңгызды элестетебиз», — деди ал.

Сүрөттүн идеясы Жаналиевдин өзүнө таандык. Ал аны жаратууга канча акча коротконун билдирген жок. Айтымында, учурда эмгеги дээрлик даяр болуп калды.

«Сүрөттү тартууга канча мык менен канча жиптин кеткенин эсептебей элем. Алгач мен жүзүн тарттым, андан соң сүрөттүн формасында мыктарды кагып, аларды жип менен бириктирдим», — деди ал.

Жаналиев сүрөттү сатып, андан түшкөн акчага жаңы эмгектерин жаратуу үчүн керек болгон шаймандарды сатып алууну каалайт.

Бул Кыргызстандагы биринчи стринг-арт эмгек эмес. Ушул жылдын мартында алгачкы стринг-арттардын бири улуттук желектин формасында аукционго коюлуп, аны ишкер Аскар Салымбеков сатып алган.

Авторлор: Бурулсун Уланбекова, Ырысбай Адамалиев, Азамат Каработоев