Бишкектиктердин Орландодогу гей-клубда каза болгондорду эскерип шам жагуусуна «ички түшүнбөстүктөрдөн» улам уруксат берилген эмес — АКШ элчилиги өз коопсуздук кызматкерлеринин аракеттерин ушинтип түшүндүрдү.

АКШ элчилигинин расмий өкүлү Жон Браун дипөкүлчүлүктүн күзөтчүлөрүнүн бишкектиктердин Орландодогу гей-клубда каза болгондорду эскерип шам жагуусуна тыюу салгандыктарына өкүнгөнүн билдирди.

Ал Kloop.kgге жөнөткөн катында тыюу салуу «ички түшүнбөстүктөрдөн» улам болгонун жазды.

«Биз Орландодогу ырайымсыз трагедияга ортоктоштугун билдирген кыргызстандыктарга ыраазыбыз. Биз элчиликтеги түшүнбөстүктөрдөн улам активисттердин алдын ала сүйлөшүлгөндөй шам жага албай калгандыктарына өкүнүп жатабыз», — деп жазды ал.

Браун акцияда сүрөт тартууга тыюу салынгандыгы анда журналисттин бар экендиги тууралуу кабар болбогондугуна байланыштуу экенин кошумчалады.

«Эгер биз акцияны журналисттин чагылдыра турганын билгенде ал жакта журналисттердин ишин координациялап турчу пресс-аташе болмок. Тилекке каршы, өткөн аптада болгон трагедия дүйнө жүзү боюнча коопсуздук чараларын көчөтүшүбүз керектигин көрсөтүүдө», — деп жыйынтыктады Браун.

Активисттер Орландодогу гей-клубдагы ок атуу маалында каза болгондорду эскерүү үчүн 14-июнь күнү кечинде АКШнын Бишкектеги элчилигинин алдына чогулушкан. Бирок мекеменин коопсуздук кызматкерлеринин кийлигишүүсүнөн улам алар шамдарды жагып, элчилик имаратынын тосмосуна символикалык тасмаларды байлай алышкан эмес.

«Бирдей укуктар үчүн» тобунун негиздөөчүсү жана акциянын уюштуруучусу Михаил Кудряшов коопсуздук кызматкерлери гүлдөрдү коюуга уруксат беришкенин, бирок башка кандайдыр бир аракеттерди көрүүгө тыюу салышкандыгын айткан.

«Биз башкы постко барганда анда отургандар — формачан аял менен эркек — видеого жана сүрөткө тартпаш керектигибизди жана эч нерсе кылууга болбой турганын айтып, болгону гүлдөрдү коюп гана кетишибизге уруксат беришти», — деген ал.

Иш-чараны чагылдыруу үчүн барган Kloop.kgнин кабарчысы Александра Титова анын анда сүрөткө тартуусуна тыюу салгандыктарын жана ага чейин тартып алган сүрөттөрүн өчүрүүсүн өтүнгөндүктөрүн айткан.

«Мен маалымат каражатынын өкүлү экенимди көрсөтүү үчүн бэйджигимди алып чыктым — алар аны көпкө карашып, анан аты-жөнүмдү жазып алышты. Алар: “Сүрөткө тартпа”, “Бул жакка баспа”, “Тигил жакты караба” дешти, мына ушундай мамиле болду», — деген ал.

Орландо шаарынын гей-клубундагы ок атуу

Американын Флорида штатындагы Орланда шаарында кол салуу 12-июнда болгон — жашоочулардын бири 300дөн ашык киши бар «Pulse» деген гей-клубда ок чыгарган. Анын жыйынтыгында 50 киши каза болуп, дагы 53ү жаракаттарды алышкан. АКШ бийлиги кол салууну террористтик акт деп баалашты.

Кол салган адам Флоридада жашап,  G4S деген күзөт кызматында иштеген АКШнын 29 жаштагы жараны Омар Саддики Матин болуп чыккан. Америкалык ЖМКлар терактты 2001-жылдын 11-сентябрдан кийинки эң ириси деп аташты.

АКШ президенти Барак Обама 16-июнга чейин созулчу расмий аза күтүү жарыялады. Ал бардык штаттарда мамлекеттик желектерди төмөн түшүрүүнү буюруп, демократиялык партиядан президенттикке талапкер Хиллари Клинтонду колдогон шайлоо алдындагы митингге барбоо чечимин кабыл алды.

Дүйнө лидерлери каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтышып, адамдардын массалык өлтүрүлүшүн айыпташты. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Обамага көңүл айтып, «катаал» жана «үрөй учурган терроризм актысын» айыптай турганын билдирди.

Авторлор: Эльдияр Арыкбаев, Айжамал Мураталиева