28-июнда Стамбулдун «Ататүрк» аба майданындагы куралдуу кол салуунун жыйынтыгында 41 киши каза болуп, дагы 239у жаракаттарды алышты. Кыргыз дипломаттары кыргызстандыктардын бирөөсүнүн жараат алганын билдиришти.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулдун «Ататүрк» аба майданындагы жардыруулардан жаракат алгандардын арасында Кыргызстандын Бахтияр Юнусов аттуу жараны бар экенин билдирди. Ал сол колунун жумшак тканынан өтмө жаракат алган.

«Башкы консулдуктун кызматкерлери Юнусов медициналык жардам алып жаткан ооруканада болуп кайтышты. Кыргызстандын жаракат алган жараны ооруканадан бүгүн чыгат», — деп билдиришти мекемеден.

Стамбулдун «Ататүрк» атындагы эл аралык аба майданына кол салуу 28-июнь күнү кечинде болгон. Эл аралык каттамдардын терминалдарынын алдындагы ок атуулар менен үч жолку жардыруунун жыйынтыгында 41 киши каза болуп, 239у жаракат алган.

Кыргызстан ТИМинин маалыматы боюнча, каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Түркиянын Hurriyet маалымат агенттиги билдиргендей, каза болгондордун көбү — Түркиянын жарандары. Алардын саны 23кө жетти.

Түркия бийлиги аба майданда Сауд Аравиясынын беш, Ирактын эки жараны, ошондой эле Украинанын, Ирандын, Тунистин, Иорданиянын, Кытайдын жана Өзбекстандын жарандары бар болгондуктарын билдирди.

Автор: Алмаз Эшбаев