Бишкектеги «Манас» аба майданынын коопсуздук кызматы колго алынчу жүктөрдө кандай гана көлөмдө болбосун суюктуктун болуусун тыюу салды, ошондой эле имараттын кире беришинде жүргүнчүлөр менен узатуучуларды текшерүүнү күчөттү.

«Манас» аба майданы жүргүнчүлөр менен узатуучуларга карата кошумча талаптарды 29-июнда жарыялады. Күн мурун Стамбулдагы «Ататүрк» аба майданында ок атуу жана жардыруулар болуп, анын жыйынтыгында кеминде 36 киши каза болуп, дагы 147си жаракаттарды алышкан.

«Манас» аба майданынын басма сөз кызматы мекеменин жумушчулары имараттын кире беришинен бардык жүргүнчүлөр менен узатуучуларды текшере тургандыктарын эскертти.

Ошондой эле аба майдан кандай гана көлөмдө болбосун колго алынчу жүктөргө суюктуктарды, гель, бет май сыяктуу нерселерди салууга тыюу салды. Ал тизмеге дары-дармектер менен балдар азыктары киргизилген жок. Андан сырткары жүргүнчүлөргө багаждарды өз алдынча таңгактоо, буюмдарды кароосуз калтырбоо жана чоочун адамдардан жүк, буюм, конверттерди албоо сунушталды.

Стамбулдагы жардыруулар

Стамбулдун «Ататүрк» атындагы эл аралык аба майданына кол салуу 28-июнь күнү кечинде болгон. Эл аралык каттамдардын терминалдарынын алдындагы ок атуулар менен үч жолку жардыруунун жыйынтыгында кеминде 36 киши каза болуп, 147си жараат алган.

Түркия бийлиги окуяны террористтик акт катары баалап жатат. Бирок азырынча жардыруулар үчүн бир дагы уюм жоопкерчилик ала элек.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жаракат алгандардын арасында 28-июнь күнү Бишкекке учуп келиши керек болгон кыргызстандыктардын бар болушу мүмкүндүгүн билдирди. Мекемеден каза болгондордун арасында Кыргызстандыктардын жок экенин белгилешти.

Эл аралык «Манас» аба майданынын өкүлдөрү Kloop.kgге 29-июнга караган түнү Стамбулдан Бишкекке үч каттам ийгиликтүү келип конгонун билдиришти. Стамбулдагы кол салууга байланыштуу эки каттамдын учактары учурулган эмес. Болжолдуу маалыматтар боюнча, каттамдар 29-июнь күнү калыбына келтирилген.