Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдоган журналисттер менен болгон жолугушуусунда Стамбул аба майданындагы терактты уюштурууга шектелип кармалгандардын арасында кыргызстандыктардын бар экендигин билдирди. Азырынча Кыргызстан ТИМи түрк президентинин билдирүүсү боюнча түшүндүрмө бере элек.

Эрдоган Стамбулдагы Аташехир Мимар Синан мечитиндеги майрамдык айт намаздан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып кол салуу «Ислам мамлекетинин» согушкерлери тарабынан уюштурулганын айтты.

«Азыркы учурга карата 30 киши кармалды […] Көрүп турганыңардай, алардын арасында Дагестандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары бар. Тилекке каршы, бул ишке коңшу Кавказдан келгендер катышышкан», — деп жазды «Анадолу» басылмасы анын айткандарын.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан Kloop.kgге түрк президентинин айткандары боюнча түшүндүрмө бере албай тургандыктарын айтышты.

«Азыр эч нерсе айта албайбыз. Анткени ал окуяга байланышкан маалыматтарды эртең саат 10до алабыз», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Буга чейин эл аралык жана түркиялык ЖМКлар Түркиянын укук коргоо органдарына шилтеме жасоо менен Стамбул аба майданында жардыруу уюштурган үч жанкечтинин бирөөсү Кыргызстандын, а калган экөөсү Өзбекстан менен Орусиянын жарандары болгондуктарын жазып чыгышкан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен ал маалыматтар такталып жатканын айтышып, андай божомолдоолорду четке кагышкан.

Кийинчерээк мекеме өзүн жардырган жанкечтилердин экөөсү Орусиянын жараны болгондугу жазылган пресс-релиз таркаткан.

«Ататүрк» аба майданындагы теракт

Стамбулдун «Ататүрк» атындагы эл аралык аба майданына кол салуу 28-июнь күнү кечинде болгон. Анда үч киши аба майдандын унаа токтотуу жайында ок чыгарышып, андан соң эл аралык каттамдардын терминалдарынын алдында өзүлөрүн жардырып жиберишкен. Ок атуулар менен үч жолку жардыруунун жыйынтыгында 45 киши каза болуп, 239у жаракат алган.

Каза болгондордун көбү Түркиянын жарандары болушкан. Жардыруулар ошондой эле Сауд Аравиясынын, Ирактын, Украинанын, Ирандын, Тунистин, Иорданиянын, Кытайдын жана Өзбекстандын жарандарынын өмүрүн алып кеткен. Жаракат алгандардын арасында колунан жеңил жараат алып, теракт болгон күндүн эртеси ооруканадан чыккан бир кыргызстандык да бар болгон.

Соавтор: Алмаз Эшбаев