Microsoft «А эгер...» деген суроого жараша фотоколлаждарды түзө турган Murphy чат-ботторун ишке киргизди. Kloop.kg аны сынап, эгер Алмазбек Атамбаев түрдүү музыкалык жанрларда ырдаса кандай көрүнүштөрдө болмоктугун элестетип көрүүнү чечти. #метаmurphyзы

Microsoft компаниясынын иштеп чыгуучулары мессенджерлер үчүн фотоколлаждарды түзө турган Murphy чат-ботторун ишке киргизишти. Skype, Facebook Messenger, Telegramда (жакында ал Kik жана Slack мессенджерлери үчүн да пайда болот) жеткиликтүү болгон чат-ботторго «What if…» («А эгер…») деген сөздөрдөн башталган суроо жазып, фантазияларга эркиндик берүүгө болот.

Murphy бир адамдын бетин экинчи бир адамдын бетине түшүрүп, аялдардын сакалдарын өстүрүп, түрдүү реакцияларды көрсөтө алат.

Бул долбоор — Microsoftтун сүрөткө карап адамдардын жынысы менен жаш курагын аныктап келген How-Old.net деген башка сервисинин мураскери. Murphy чат-боттору да, How-Old сервиси да Bing жана Microsoft Azure маалыматтар базасын, ошондой эле автоматтык окутуу технологиясын пайдаланышат.

Алсак, Murphy төмөндөгүдөй иштейт: сервис алгач түрдүү тегдеги жүз миңдеген сүрөттөрдү анализдеп чыгат, андан соң алар толугу менен колдонуучунун колуна берилет. Чат-ботторундагы дагы бир функция — реакциялар. Эгер силерге Murphy сунуштаган коллаж жакпаса, анда ага смайл жөнөтүү менен анын сүрөттү кайрадан иштеп чыгуусун өтүнсөңөр болот. Мындай кылганда сервис ал сүрөттүн ийгиликсиз болуп калганын түшүнөт.

Murphy ботуна жөнөтүүгө мүмкүн болгон реакциялардын тизмеси
Murphy ботуна жөнөтүүгө мүмкүн болгон реакциялардын тизмеси

Боттор менен миллиондогон адамдардын өз ара аракетке бара тургандыгын эске алсак, ал алардын пикирлери боюнча өзүнүн ишин жакшыртып турат.

Биз Kloop.kgде да азгырыкка берилип, боттун биздин кызык бир фантазиябызды ишке ашырып берүүсүн өтүндүк — эгер жакында толук бир музыкалык альбомун чыгарганы жаткан Алмазбек Атамбаев автордук ырлар жанрында гана ырдабаса кандай көрүнүштө болмоктугун элестетип көрүү.

o2n0t3rCY=

tvzjiDFFNqc=

b8qdnkodb5w=

a265JQ6SeWs=

fWE=

5xGU2weAhs4=

dc=

c03mTdCFFfo=

evP7yA AQO8=

z8u2RdrJeOo=

Mmcx7IeC2kM=

WqQ=

3I2a pUF2fs=

5gax16Cdsn4=

mtjgOtoe06g=