Кыргыз телеканалдары менен радиостанциялары экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун катышуусундагы берүүлөрдү жабышты. Дин ишмери мечитте сүйлөгөн сөзүндө анын телеканалдар менен радиолорго чыгуусуна тыюу салгандыктарын айтты.

Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов Бишкектеги мечиттердин биринде анын телеканалдар менен радиолордо чыгып сүйлөөсүнө тыюу салгандыктарын билдирди. Ал Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде анын ишмердүүлүгүнө кимдин тоскоолдук кылып жатканын айткан жок.

«Марал FM, ЭлТР жана башка теле- жана радиоканалдардагы берүүлөр токтотулду, кимдир бирөө мени ЖМКлар аркылуу чыгып сүйлөтпөө чечимин кабыл алган өңдүү», — деди ал.

«Манас жаңырыгы» телекомпаниясынын директору Темирбек Токтогазиев Kloop.kgге курган маегинде компания өкүлдөрүнө «телефон чалып», экс-муфтийдин авторлугундагы «Шариат» берүүсүн көрсөтүүнү токтотууну талап кылышканын билдирди.

«Бизге телефон чалып, [Жалиловдун] телеге чыгуусуна тыюу салышкандан кийин дароо эле берүүнү эфирден алдык. Бизге кимдин телефон чалганын айта албайм», — деди Токтогазиев.

Кыргыз тилдүү «Марал» ридиосунун директору Фарух Исмаиловдун айтымында, Жалиловдун программасы радионун эфиринен июндун аягында ушундай эле себептер менен алынган.

Июнда экс-муфтийге карата эскертүү берген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Азаттык» радиосуна тыюу салууга мекеменин тиешеси жок экенин билдирген.

Теолог Кадыр Маликовдун пикиринде, Чубак ажы Жалиловдун эфирге чыгуусуна тыюу салуу — мыйзамсыз. Ал өз көз карашын билдирүүгө эч ким тыюу сала албайт деп эсептейт.

«Ал — билимдүү адам жана эл үчүн эфирлерге чыгышы керек, өзгөчө азыр, ислам темасындагы түрдүү маселелер боюнча. Тескерисинче, калктын сабаттуулугун жогорулатуу үчүн маалыматтык аянтча берүү зарыл. Анын саясат жана геосаясатка байланышкан темалар боюнча сүйлөбөөсүн өтүнүшсө бир жөн», — деди ал.

Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов июндун башында жума намазы үчүн түшкү тыныгууну узартуу жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршы добуш берген депутаттарды «дин душмандары» деп атаган.

Анын ал билдирүүсү активисттер жана парламентарийлердин өзүлөрү тарабынан сын-пикирлерди жараткан.

Социал-демократ Жанар Акаев ажынын ал сөздөрүн «экстремисттик» деп атаган. Окуядан кийин президент Атамбаев дин ишмерлери менен жолугушуп, Жалилов менен болгон талаш-тартышта светтик мамлекеттин тарапташтары карманган көз карашты колдогон.

«Кыргызстанда ар ким өз ой-пикирин ачык айтууга укуктуу, бирок диний ишмерлердин саясатка кийлигишүүсүнө эч жол берүүгө болбойт. Акыркы демилгеге байланыштуу талкуулар маалында сезимди козгогон диний чакырыктар айрыкча ыйык Орозо айында жол берилгис», — деген анда өлкө башчысы.