14-июлда Германиянын канцлери Ангела Меркелдин келишине байланыштуу Кайгуул милициясынын башкармалыгы Бишкектин бир канча борбордук көчөлөрүн убактылуу жабат.

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин расмий иш сапарына байланыштуу 14-июль күнү саат 8:45тен 09:15ке чейин төмөнкү көчөлөрдөгү транспорт кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет:

Абдрахманов көчөсүндө (Фрунзе көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин);
Чүй проспектиси (Шопоков көчөсүнөн Турусбеков көчөсүнө чейин);
Манас проспектиси (Рыскулов көчөсүнөн мамлекеттик резиденцияга чейин).

Саат 15.00дөн 15.30га чейин:

Манас проспектиси (мамлекеттик резиденциядан Жибек-Жолу проспектисине чейин);
Жибек-Жолу проспектиси (Исанов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин);
Фучик көчөсү (Жибек-Жолу проспектисинен шаар чегине чейин).

Жол милициясы айдоочулардын кыймыл каттамын алдын ала пландап алуусун өтүнөт.

Авторлор: Бактыгүл Ракымбаева, Азат Рузиев