Сот экс-депутат Саматовдун БШК чечимин жокко чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган жок

15-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту Республика — Ата-Журт» фракциясынан экс-депутат Жыргалбек Саматовдун Боршайкомго каршы жазган доо арызын четке какты. Саматов орусиялык жарандыгынын бар экендигине байланыштуу ажыратылган депутаттык мандатын кайра алууну каалаган.

Биринчи май райондук сотунун катчысы Адила Маликова Kloop.kgге экс-депутат Саматовдун Борбордук шайлоо комиссиясына каршы жазган доо арызы канааттандырылбагандыгын билдирди.

Жыргалбек Саматов сотко доо арызы менен БШК аны депутаттык мандатынан ажыраткандан кийин кайрылган. Ал депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү комиссиянын чечиминин мыйзамсыз деп табылышын талап кылган.

Комиссия өз чечимин парламентарийдин орусиялык жарандыкка ээ экендиги менен түшүндүргөн. Ал башка өлкөлөрдүн жарандары саясий жана мамлекеттик кызматтарды ээлей албай тургандыгы жазылган Конституциянын 52-беренесине шилтеме жасаган.

Экс-депутаттын орусиялык жарандыгынын бар экенин Орусиянын Федералдык миграция кызматы ырастаган. Мекеме Кыргызстандын Башкы прокуратурасына Саматовдун 16 жылдан бери Орусиянын жараны экенин билдирген.

Jyrgalbek_Samatov_RF

Биринчи май райондук соту мурдагы депутаттын Орусиянын жараны экенин ырастаган документтер бар болгондуктан, комиссиянын чечимин туура деп тапты.

Азырынча Саматовдун кандай аракеттерди көрө тургандыгы жана жогорку баскычтагы сотко кайрылаар-кайрылбасы белгисиз. Kloop.kgнин редакциясы бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн экс-депутаттын өзү менен байланыша алган жок.

Саматов 2015-жылдын декабрында, ушул эле себептер менен ыйгарым укуктары убактылуу токтотулганда Боршайком менен соттошкон.

Анда экс-депутат орусиялык жарандыгынын жок экени жөнүндөгү Федералдык миграция кызматынан алган маалымкатын көрсөтүп, Жогорку сот анын пайдасына чечим чыгарган.

Депутатка мандатын кайтарып беришкен, а аны өз тизмесинен чыгарып салган «Республика — Ата-Журт» фракциясы кайрадан өз катарына кошкон.