Сот Сарпашевдин биометрика тууралуу «жалган билдирүүлөрү» үчүн өкмөттү жооптуу кылды

Юрист Нурбек Токтакунов Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев биометрикалык маалыматтарын тапшырбагандарга кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу тууралуу «жалган билдирүүлөрү» үчүн жоопко тартылышы керек деп сотко кайрылган. Бишкек райондор аралык соту 15-июлда юристтин суроосуна өкмөт толугу менен жооп берсин деген чечим чыгарды.

Sarpashe_Bio_Report«Прецедент» юридикалык фирмасынын башчысы Нурбек Токтакунов Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Тайырбек Сарпашевдин биометрика боюнча буйругунун мыйзамдуулугун териштирүү үчүн 3-февралда Бишкек райондор аралык сотуна кайрылган. Токтакуновдун айтымында, сот өтөөр алдында аталган буйрук Сарпашев тарабынан жокко чыгарылган.

Юрист Сарпашевдин биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандарга мамлекеттик кызматтардын көрсөтүлүшүнө тыюу салган №6 буйруктун бар экендигин танган сөздөрүн «жалган билдирүү» деп атады.

Токтакунов бул маселени карап берүү үчүн апрель айында өкмөтө кайрылган. Анда өкмөттөн мамлекеттик чиновниктин «жалганы» боюнча дисциплинардык жоопкерчиликке тартуусун өтүнгөнүн жана өкмөт кайрылууга толук жооп бербей, жооптон качып кеткенин айтат юрист.

Бул иш 15-июлда Бишкек райондор аралык сотунда каралып, анда өкмөт Токтакуновдун суроосуна толук жооп берсин деген чечим чыгарган. Токтакунов соттун чечими менен өкмөткө кайра кайрылаарын айтты.

«Өкмөт Сарпашевди жоопко тартышы керек, же бизге эмне үчүн жоопко тартпаганын түшүндүрүп бериши керек», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

МККнын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Мелис Эржигитов мындай буйрук беш ай мурун болгонун ырастады. Бирок кабыл алынганынан беш күн өтпөй буйрук жок кылынган дейт.

«Бул буйрук негизи бар экен. Беш ай мурун болгон экен. Бирок кабыл алынганына беш күн өтпөй буйрук жокко чыгарылган. Бул деген мамлекет үчүн жасалып жаткан нерсе да. Мамлекет үчүн жасалып жаткан иш жоопко тартылышы керекпи?», — деди Эржигитов.

Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Айнура Эргешова юрист Токтакуновдун кайрылуусу жөнүндө маалыматы жок экенин айтты.

Тема боюнча: Юрист өкмөттөн биометрика тууралуу «жалган билдирүүлөрү» үчүн Сарпашевди жазалоону өтүнүүдө

МКК биометрика тапшырбагандарга кызмат көрсөтүүдөн баш тартканын четке кагууда

Даярдаган: Алмаз Эшбаев